www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Баш мыйзамдын Конституциялык кеңешме иштеп чыккан жаңы долбоорунда өлкөнү башкаруу функциялары туура эмес бөлүштүрүлгөн деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 17-февралда парламентте Конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатканда кеңешменин мүчөлөрүнө айтты:

“Вице-президенттик кызмат, классикалык формасында, эгер мисалга Американы алсак, ал Сенаттын жетекчиси. Ал президентке тең тайлашкан адам. Силер өзүңөрдүн Конституцияңарда ал президент түзө турган администрацияга караштуу болорун жазыпсыңар. Ошол мамлекеттерде вице-президентти парламент кошо дайындайт. Сиздер көрсөткөн структура султан Сулаймандын диванына көбүрөөк окшоп калган”.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун түзүп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешме 2,5 ай иштеп, документти парламентке өткөрүп берди. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев алардын ишин жалпы коомдук талкуу катары кабыл алуу керектигин, талкуу ачык жүргөнүн айтты. Окумуштуу 10-январдагы референдумда башкаруунун президенттик формасынын тандалып алынганын элдин каалоосу деп таануу зарылдыгын белгиледи:

“Бул жерде эч кандай талаш-тартыш болбошу керек. Бул - элдин эрки. Эч кандай талаш-тартыш болбошу керек. Анткени бул – элдин эрки, ал мыйзамдан да жогору турат. “Бүт баарын президентке берип койдуңар” деген сөз туура болбойт”.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости