www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рыспай Абдыкадыров. Бул ысымды кыргыздын ар бир жараны сыймыктануу менеп айтаары талашсыз. Залкар инсандын ырлары канчалык уккулуктуу болсо, басып өткөн жолу да ошончолук кызыктуу экенине анын экинчи жары Оңол эженин баянынан улам ынандык.
- Эже, кыргыздын тарыхында калчу адамга тагдыр сизди кандайча жолуктурган?

- Чүй боорунда төрөлүп-өскөн кызмын. Мектепти аяктап, Кара-Балтадагы медициналык окуу жайга окудум, ал жактан атайын жолдомо менен Фрунзе шаарындагы онкологиялык институтка жиберишти. Келип медайым болуп иштеп, университеттин биология факультетинде окуп калдым. Күндөрдүн биринде оорукананын коридорунда Гүлнара аттуу курбу кызым экөөбүз турсак, узун бойлуу, арык чырай жигит келе жатыптыр. Аны көрүп Гүлнара "Рыспай Абдыкадыров" деп калды. Ошол учурда ал болгону 27 жаштарда экен, мага 40 жаштагы кишидей көрүнгөн. Рыспайдын оорусу катуу экен, ооруканага жатып калды. Аны "рак" деген диагноз менен жиберишиптир, текшерүүнүн жыйынтыгында моюнунун сол капталында кургак учук бези бар экени аныкталды. Ал учурда Рыспайдын дүркүрөп турган учуру эле, аны караганга бир дарыгер, анан медайым кылып мени коюп коюшту. Кирип-чыгып дары берип жүрдүм. Эртеси операция жасалып бүтүп палатага алып келе жатышыптыр, көзү көзүмө урунду, абдан муңайым тартып калыптыр. Ошол күндөн баштап менде Рыспайга болгон аёо сезим пайда болду. Операция болгондон кийин колуна баштыктарын көтөрүп алышып кыздар абдан көп келишчү. Рыспай болсо алардын алып келгенин "үйүңөргө алып кеткиле" деп Гүлнара экөөбүзгө берип койчу. Бир күнү жумушка келип палатасына кирсем, жакшы болуп калыптыр, мандалин чертип олтурат, мурункудан ажары ачыла да түшүптүр. Ичимден "жаш эле, жакшынакай киши турбайбы?" деп койдум. Анан керебетинин темирин кармап турсам колумду сылайт. "Агай, коюңузчу" деп уялып эшикке чыга качтым. Ошентип, ооруканада эки ай жатып чыгып кетти.
- Залкар таланттын жүрөгүнө чок салып койгон турбайсызбы...
- Ал учурда классташ балам менен сүйлөшүп жүрчүмүн, Рыспай менен табышып калам деп такыр ойлогон эмес элем. Бир нече күн өткөндөн кийин Гүлнара экөөбүз кабыл алуу бөлмөсүндө олтурсак ак костьюм-шым кийип, чачын артка тарап Рыспай келип калды. "Агай, жаратыңызды таңдырганга келдиңизби?" десем, "жок, силерди опера жана балет театрына концертке чакырып келдим" деди, Гүлнара Рыспайды жактырчу, ал "барып келеличи" деп калды. Үчөөбүз ээрчишип алып бардык. Биз опера жана балет театрына жакындаганда эле Рыспайды туш тараптан камера көтөргөндөр келип тартып калды. Ал жерден концерт көрүп чыгып, "Кыргызстан" аттуу ресторанга алып барды. Кеч кирип кетти, Гүлнара үйүндө калып, мен мединституттун жатаканасында бир туугандарым менен турчумун, ошол жакка Рыспай узатып барды. Киреримде бетимден өөп алды. "Агай, сиз менден бир топ жаш улуусуз, андай кылбаңыз да, менин жигитим бар" деп кирип кеттим. Ошол күндөн баштап менин иштеген жериме да, жашаган жериме да көп келчү болду.

- Сизди агай жигитиңизден тартып алдыбы?

- Ошол учурда жигитимди окуусунан Ошко жиберип, ал экөөбүз алыстап калдык. Эс алуу күнү Кара-Балтага үйгө барсам апам "жашың 19га келип калды, дале турмушка чыкпай жүрөсүң. Автобуска кантип батып келдиң? Мен айылда баса албай калдым" дейт. Ал учурда кыздар эрте турмушка чыгышчу. Бир тууган сиңдилеримдин баары кетишип, кара далы болуп эле мен калыптырмын. Анан арданып "жигитим бар" деп анын ким экенин айтсам, апам "Маматтын улуу агалары үйлөнө албай жүрөт, иниси кайдан үйлөнмөк эле" деп классташымдан биротоло күдөр үздүрдү. Анан агайың менен сүйлөшүп калдым. Менин Рыспай менен сүйлөшүп жүргөнүм агама угулуп, ал "Рыспайдын аялы, баласы бар. Ырчылар алдап, ойнотуп таштап кетишет" деп урушту. Бирок мен ага ишенбей "Рыспайга турмушка чыгам" деп туруп алдым.

- Экөөңүздөр анан качан баш коштуңуздар?

- Беш ай сүйлөшүп жүрүп, 1967-жылдын 17-июнунда баш коштук. Азыркы филармония турган жерде жайгашкан орус кемпирдин үйүндө батирде туруп калдык. Аңгыча болбой эле Рыспайлар командировка алышып, Эстебес Турсуналиев баштаган бир топ ырчылар болуп маршруттук автобус менен түштүккө жөнөдүк. Рыспай мени Кара-Кулжага ата-журтуна алып барды. Ал кезде атасы каза болуп калган экен, апасы мага жоолук салып тосуп алды. Кичинекей, ичи акталбаган, ичинде эч нерсе жок жупуну үйгө келин болуп кирдим. Ал кезде үй-жайын деле караган жокмун, адамды жактырып турсаң, жашаган шарты көзгө деле көрүнбөй калат экен. Ичимден Рыспайдын "жетим болуп чоңойгом" деген сөзү эсиме түштү. Биз менен барган артистердин баары эшикке төшөк жайып олтуруп, ал күнү майрам болуп таң атырышты.

- Түндүктүк кыздын түштүккө келин болуп барганы бир топ эле оор болсо керек?

- Ооба, ал жактын салттары такыр башкача экен. Келин болуп барган күндүн эртеси кыжы-кужудан ойгонуп кеттим. Тыңшасам, жеңеси "тургузбайсыңбы аялыңды, короо шыпырсын" десе, Рыспай "Рыспай Абдыкадыровдун аялы короо шыпырбайт, жөн олтургулачы" дейт. Анан бир жеңеси "ии, Тотуну кандай иш кылдырчу элең, аркалык аялыңды аяп жатасыңбы?” деди да, мен жаткан үйгө кирип келе жатып, "ай келин, тур, келин деген эрте туруп эшик шыпырып, үйдөгүлөргө чай бериш керек" деп тарбиялап кирди. Турсам саат тогуз болуп калган экен. Рыспай болсо күйпөлөктөп мени коргоп жүрөт. Тоту дегенди угуп ойлонуп калдым, бирок, унчуккан жокмун. Эки-үч күндөн кийин Рыспай "эми сен булардын сынынан өтөсүң, эмне кылса да чыда" деп мени таштап ырчылар менен гастролго кетип калды. Өмүрү көрбөгөн тандырга ошондо биринчи жолу нан жаптым. Көлдүк абысыным "жеңчесин бербейсиңби?" деп тыпырап эле жаткан. "Жеңче жок эле жабат" деп берки жеңеси бербей койду. Жиним келип нандын баарын колум менен тандырга жармаштырсам кудай жалгап жармашты, бирок, кийип жүргөн атлес көйнөгүм билегиме жармашып колум кошо күйүп калды. Анан суунун жээгине барып күйгөн билегимди сууга салып олтурсам көлдүк жеңем келип "колуң күйөрүн жана эле билгем, бирок, жеңчени берсем тигилер мени өлтүрмөк" дейт. Байкуш ал мени төркүн тутуп мага тартып жатыптыр да.

- Тоту ким экенин биле алдыңызбы?

- Мага жан тартып жаткан ошол көлдүк жеңем экөөбүз сууга барганда "жеңе, Тоту деген ким эле?" десем, "Рыспайдын биринчи аялы, экөөнүн кыздары да бар. Рыспай аны таштап Бишкекке кетип калган" деди. Аны укканда алданганыма, ата-эне, бир туугандарымдын алдында уят болгонума ыза болуп, Рыспайды такыр көргүм келбей, ага сүйлөбөй калдым. Акыры Рыспай өзү баарын айтып берди. Эки-үч күн нес болуп бүк түшүп жаттым да, болоор иш болду деп башымды көтөрдүм.

- Андан аркы жашооңуздар кандайча уланды?

- Айылда бир айча жүрүп, шаарга келдик. Маданият кызматкерлеринин жатаканасынан бир бөлмөлүү үй берилди, ошол жерде жашап калдык. Үйүбүзгө киши абдан көп келчү. Бир күнү дагы Рыспай үйгө конок келет деди. Кош бойлуу учурум, тамак жасап, чай коюп олтурсам Рыспайдын досу сулуу кызды ээрчитип келип Давлет (Рыспайдын үчүнчү никеси) деп тааныштырды. Эч нерсе оюмда жок, кадимки коноктой эле тосуп алып колумдан келген сыйымды көрсөтүп, узатып жибердим. Ошондон көп өтпөй кыздуу болуп, атын экөөбүздүн сүйүүбүздөн жаралган деп Махабат атаганбыз. Атама бул ат жакпай Аида деген ат коюп койду. Кыздуу болгонубуздан кийин эле кудай жалгап мамлекет тарабынан 7-кичирайондон үч бөлмөлүү үй берилди. Үйдө тамак-аш, каражат жагы кенен болчу. Экөөбүз алгачкы эки жыл абдан бактылуу жашадык. Бактылуу ал эки жыл бүтүп, илең-салаң жашоо дагы эки жылга уланып, арадан туптуура төрт жыл өткөндө ажырашып кеттик.

- Эмнеге?

- Ошондой илең-салаң күндөрдүн биринде Рыспай Эстебес Турсуналиев, Самара гастролу бүтө электе эле келип "мени филармониядан чыгарып жиберишти" деди. Көрсө, Рыспай концертке катышпай жатаканада көңүл ачып жүрө бериптир. Концертке келген эл "Рыспай жок" деп нааразы болуп таш ыргытып чуу салышыптыр. Мындай тополоңго Эстебес агайдын жини келип "сен үчүн концерт токтоп жатат" деп Рыспайды жумуштан кетирип жибериптир. Ошондон көп өтпөй Рыспай "Ошко көчүп кетебиз, мен жашаганга жай таап келейин" деп кайра кетти. Ата-энем менин жашоомо ичи чыкпай жүрүшкөн, Ошко кетээримди айтсам атам үйгө келип "эгер барчу болсоң топурагымды түйүп берем" деп түйүп келген топурагын калтырып кетти.

- Ошондо ажырашууңуздарга атаңыз себепчи болгонбу?

- Кайдан," топурак түйсө түйсүн. Кийин баары бир кечирет да" деп майда-чүйдөмдү жыйнап, жумуштан бошонууга арыз таштап кеткени калгам. Аңгыча эле мага Оштон кат келип калды. Ачып окусам Давлеттен келген экен. "Оңол эже, кандайсыз? Мен Давлетмин. Турмушка чыгып үч ай жашап ажырашып кеттик. Азыр Рыспай ака менен дайыма жолугушуп турам. Сиздерди ажырашат деп уктум, ажыраштыңыздарбы? Эгер ажырашсаңыздар кыргыздын кайталагыс булбулун жолдош кылып алгым келет. Баркына мен жетейин" деп жазып жибериптир. Аны окуп нес болуп Ошто да жөн жүрбөгөн экен деп ызаланып, кайра Давлетке "ошончолук эле суусап жатсаң, Рыспайга турмушка чыгып ал, мен ажырашайын" деп кат жазып жибердим. Ошондо гана ажырашууну чечтим. Ага чейин элден уккан ушактарым да жетиштүү эле. Дароо жумушка барып арызымды кайра алдым, агама "ажырашам" деп айтсам кубанып үч күндө мыйзамдуу түрдө ажыраштырып койду. Рыспай келгенде Давлеттен кат алганымды айтпай эле, "Ошко барбайм" деп койдум. Рыспай түшүнбөй эле олтуруп калды. Менин көңүлүмдү Рыспайдын чемоданынан табылган "Сманова Давлетке 25 сом которулду" деген банктан берилген кагаз ансайын суутту. Ал учурда 25 сом азыркы 2500 сом менен барабар эле. Аны көрүп экөө чогуу жашаганы жатканына көзүм жетти. Бирок Рыспайга бирин да айтпай, ажырашканыбызды тастыктоочу кагазды көрсөтүп койдум. Биз ажырашкандан кийин да тааныштарга "эне-атам алып калды" деп Рыспайдын айыбын айткан жокмун. Рыспай болсо келип жүрдү, бирок, агам кароол койгон жигиттер биздин жолугушуубузга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Бир жолу телефон чалып "сени алмаштырдым" деп ыйлады, көрсө, Давлетке үйлөнүп алыптыр. Ошондон кийин Рыспай таштатып койгон окуумду кайра барып улантып, жалгыз кызымды багып жашап калдым.

- Бул сырды агайга айттыңызбы же ичинизде сакталып калдыбы?

- Арадан беш жыл өткөндөн кийин Рыспай үйгө келип, экөөбүз сүйлөшүп олтуруп, "сен мени менен эмнеге ажыраштың эле?" деп сурады. Ошондо анан Давлеттин катын алдына койсом, окуп алып абдан жаман болду.

- Агай менен кийин жолугуп жүрдүңүзбү?

- Көп келчү, бирок көбүнчө эшикти аччу эмесмин. Эсимде, 1985-жылы эшикти бирөө какты, ачсам Рыспай "болду, келдим" деп чемоданын көтөрүп келип калыптыр. Ал кирээри менен Давлет телефон чалып "эриңди бердим" дейт, жиним келип "эмне, сен мага, мен сага бергендей Рыспай буюм беле? Бул сени да, мени да укпай каалагандай жашаган эркин киши. Каалаган экен мага келди" деп намысына тийип койдум. А бирок Рыспайды "Давлетке бар" деп кайра кетирип жибердим. Кийин каза болорунда "Болдукан деген 27 жаштагы кызды сүйүп калдым, ошого үйлөнүп эркек балалуу болом" деп дагы келди. Ал кезде экөөбүз сырдаш болуп калганбыз. Бирок Болдуканга үйлөнгөнгө жетишпей калды. Бир күнү чалып "мен өлгөнү жатам, Аида менен неберемди топурагымды салганга жиберип кой" дейт. "Өлгөнү жатам" деп көп айтчу да, баягы сөзүнүн бири да деп этибар алган эмесмин. Ошондо мага эле эмес, Меңди Мамазаирова баш болгон бир топ адамдарга телефон чалып өлөрүн айтыптыр. Баары тамаша катары кабыл алышып маани беришкен эмес экен. Арадан бир нече күн өткөндө кызы Сюита чалып "атам каза болуп калды, жалгыз болуп жатам, Аиданы жибериңизчи" деди. Рыспайдын каза болгонун угуп жаман болдум, бирок, канчалык ичим ачышса да негедир ыйлай алган жокмун. Жаназасына да баргым келбеди, кызым менен неберемди самолетко салып, өзүм кала бердим...

Динара Чокоева

Булак: "Леди.kg"

Последние новости