www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шотландияда кылбаган кылмышы үчүн 3 сутка тергөө абакта отурган жаран, 130 миң доллар компенсация алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Шотландиялык Гари Уэбб атту жарандын үйүнө 2015-жылы полиция кызматкерлери бастырып кирип, аны кылмышка шектүү катары кармашкан. Гари түшүнбөстүктөр болуп жатканын, ал кылмыш жасабаганын айтса да анын сөзүн эч ким укпастан,  3 түн кылбаган кылмышы үчүн тергөө абагына жаткырышкан. Кийинчерээк полиция кызматкерлери адашып башка кишини кармап алышканын билип, кечирим сурабастан  кое беришкен.

Мунун кесепетинен Гари психологиялык жактан жаракат алып, жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

Окуяга нааразы болгон Гари, аны мыйзамсыз кармашканы үчүн арыз менен тиешелүү бөлүмгө кайрылган. Бирок, тиешелүү органдар анын арызын карабастан 4 жыл боюу созуп жүрө беришкен. Ызаасына чыдабаган жабырлануучу,  Шотландия полициясынын мыйзамсыз иликтөө боюнча комиссиясына кайрылган.

Комиссиянын чечими менен 4 жылдан кийин гана,  60 жаштагы Уэббге  моралдык компенсация катары 100 миң фунт стерлинг (130 миң доллар) төлөп берген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости