www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд шаардык тез жардам кызматынын базасында иштеп жаткан облустагы жападан-жалгыз мамлекеттик гемодиализ бөлүмүнүн жабдуулары бузулуп, 160тан ашык бейтап коңшу облустарга барып дарыланууга аргасыз болушууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, гемодиализ бөлүмүндөгү жабдуулар былтыр октябрда бузула баштаган.

– Кызым октябрдан бери үч күн сайын гемодиализ алат. Самарканддагы мамлекеттик гемодиализ бөлүмүндө бир же эки гана жолу дарыландык, андан бери жабдуулары тез-тез бузулууда. Азыр гемодиализ алуу үчүн коңшу облустардагы Чирчик же Жизак шаарларына барууга аргасызбыз. Кызым жолдо кыйналып калып жатат, — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Мамлекеттик гемодиализ бөлүмүнүн кызматкери жабдуулар тез-тез иштебей калып жатканын ырастап, мындай учурлар үчүн шаарда жеке ооруканалар бар экенин кошумчалады. Бирок бейтаптар жеке гемодиализ борборлорунда баалар өтө эле кымбат экенин билдиришүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымтына караганда, учурда өлкөдө гемодиализге муктаж 2 600 бейтап бар.

Последние новости