www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сени жолуктурган тагдырыма ыраазы болгонума азыр өкүнүп отурам. Мен сени аябай сүйгөм. Биринчи турмушумдан жаралган балам менин бүтүндөй жашоом экенин айтканымда, ата болуп берериңди билдиргенсиң.

Ошол сөз мага өзгөчө таасир калтырып, бирок ага карабай, сени сынап да көрдүм. Баламды алгачкы жолу көргөнүңдө кучагыңа кысып, аны менен бат эле дос болуп кеттиң эле. Мен “түбөлүк бактымды таптым” деп ойлогом.

Колумду сурап, алып кеттиң. Эки жумадан кийин баламды алып келдик. Ага кылган алгачкы 6-7 айдагы жакшылыктарыңды, мээримиңди адилеттүүлүк үчүн унутпайм. Бирок, андан кийин эмне кылдың? Сени ата катары кабыл алып калган наристени алгачкы жолу урганыңда, жүрөгүм тилингенине карабай өзүмдү жооткоттум эле.

“Баардык эле ата-энелер балдарын анча-мынча какыс-кукус кылып тарбиялап жүрүшпөйбү” деген ойго алдандым. Бирок, тилекке каршы, сеники токтогон жок. Мен жокто денесин көгала кылып сабаганыңдагы абалымды азыр эстегим келбейт. Эки айда алты жолу сабадың. Же мен, же бала сага жамандык кылбаса...

Бир учурдагы сылык, күйүмдүү, көзүмдүн карегин карап турган түгөйүм ушунчалык өзгөргөнүңө таңгалдым. Мындай сапаттарыңды баласыз жашаган алты айда көрсөтсөң кана? Жок дегенде ал сени ата катары кабыл ала электе билгизип, мага да, ага да үмүт бербесең кана? Сени сүйүп, жакаңды кирдетпей карап, колумдан келгендин баарын кылдым. Муну балам жаныбызга келе электе да жасачумун.

Наристени акыркы жолу мас болуп келип төпөштөгөнүң – биздин эми жолубуз бир эмес экенин билдирди. Азыр мен баламдын чүнчүгөн көздөрүн көрүп, кечирим сурап отурам. Бактылуу балалыкты тартуулай албаганыма өкүндүм.

Балага кордук көрсөткөнүң үчүн милицияда отурасың. Арызды кайтарып албайм. Сабаганың үчүн эмес, “балаңа ата болуп берем” деп алдап, сөзүңө турбаганың үчүн!

Балага үмүт берип, бирок кийин “атаң эмесмин” деген сөзүң үчүн! Азыр мен экөөбүздүн ортобузда бала жаралбаганына кубанып отурам. Эгер наристебиз төрөлсө, өгөй балаң мындан да катуу кор болорун элестетип турам. А мен баламды таштабайм. Ал үчүн баарын кылам!

Булак: Азия News гезити

Последние новости