www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Совет учурунда диплому жокторду мектепке мугалим кылып да алышчу эмес, Убактылуу Өкмөт дипломуңундун бары-жогун карап да коюшкан эмес. УӨ учурунда көчөдө союл, бакан көтөрүп жүрүшкөндөрдү, көбүнесе дипломду сатып алышкандарды министр кылышкан. Алсак ал кезде маданият министри болгон Рыскелди Момбековду диплому жасалма экен деп эми БШК парламентке талапкерликке жакын жуутпай, кубалап чыкты. УӨ болсо акчага да, акылына да караган эмес, союлду жакшы чапса диплому барлар жок калгансып, аттестат менен деле министр кылып коюшчу. Маркум Болот Шер сабаттуу адам болгон, уялып кетип генерал-лейтенант наамынан баш тартып, Ички иштер министринен кетип калган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 183 мамлекеттик кызматкердин диплому жасалма экени аныкталганын айтты. УКМК тараткан маалыматка ылайык, тизмеде Жогорку Кеңештин 3 депутаты, 1 министр, 2 судья, ички иштер органдарынын 15 кызматкери, билим берүү тармагында эмгектенген 40 кызматкер, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу 1 өкүлү, 2 мэр жана вице-мэрлер бар деп билдирди. Тизмеде ошондой эле өлкөдөгү ведомстволордо жана муниципалдык кызматтарда бир нече жыл иштеген адистердин да жасалма диплому бар экени жазылган.
УКМК жасалма документтерди даярдаганга катыштыгы бар окуу жайлардын кызматкерлерине чара көрүлөрүн айтты. Текшерүү жүрүп жаткан мөөнөттө Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасынан 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен. Дагы 2 адам жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын тапшырышканы айтылды. Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу буга чейин чыр-чатактар болгон. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да катталган. 2022-жылдын февралында дипломуна байланыштуу суракта жүргөн мугалим өз өмүрүнө кол салып, жанын кыйган
Советтик министрлер номенклатура менен акылдары болсо акырындык чоңойуп, отурушчу. Салыштырып көрөлү, көп тепкичтерди басып өткөн министрлер менен азыркы мини стр сөрөйлөрдү. Бир тууган эки министрдин өмүр баянын алалы:
Каниметовдордун түпкү ата-теги Тагай бийден тарашат. Тагай бийден Сарыбагыш, андан Дөөлөсбакты, андан Манап бий, Манаптан Сүтөй, Сүтөйдөн Сарысейит бий, андан Үчүкө баатыр, андан Маматкул бий, андан Болот бий, андан Эсенкул баатыр, андан Назар, андан Ботаалы баатыр, андан Дадабай, андан Канимет. Тилекматтын уулу Чыныбай уезд башчысынын жардамчысы болуп турганда, Нарынга бара жатып, Ботаалы баатырдын айылына атайын кайрылып, саяк Алыбек баатырдын колго түшкөнү тууралуу анын өз оозунан уккан жана бугу-сарыбагыш урууларын ынтымакка чакыруу максатында Ботаалынын уулу Дадабайга кызы Сейилканды берүүгө макул болгон. 1916-жылдагы Үркүндөн кийин Канимет энесин ээрчип кетип шартка ылайык Ысык-Көлгө келип туруп калган. Демек Каниметтин таятасы Тилекмат уулу Чыныбай болгон.
Каниметов Абдылда -Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тилекмат айылында туулган. 1968- жылы тарых илимдеринин доктору, профессор. 1950-жылы Москва мамлекеттик университетин бүтүрүп, 1950–55-жылдары Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Тарых институтунда илимий кызматкер, 1955–59-жылдары Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, кафедра башчы, директордун орун басары, 1959–61-жылдары Кыргызстан КП БКнын мектеп жана жогорку окуу жай бөлүмүнүн башчысы. 1961–62-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу жогорку жана атайы орто билим берүү боюнча комитеттин төрагасы. 1962–77-жылдары Кыргыз ССРнин элге билим берүү министри. 1977–88-жылдары Кыргызстан ИА Тарых институтунда директор, 1989-жылдан ошол эле институттун жетектөөчү илимий кызматкери. Каниметов Абдылданын илимий эмгектери Кыргызстандын маданий курулушуна, элге билим берүү жана Интергельпонун тарыхына арналган. Ал 200дөй илимий макала, анын ичинен 40ка жакын монография, окуу китептеринин автору. 1962–79 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.
Каниметов Абдырай– мамлекеттик жана коомдук ишмер., Каниметов Абдылданын бир тууган иниси. 1932-жылы Ысык-Көл өрөөнү, Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылында туулган. Айыл-чарба илимдеринин кандидаты. Айылдык мектептин 7-классын аяктагандан кийин, окуусун Фрунзе шаарындагы А. С. Пушкин атындагы орто мектепте (азыркы №5 Улуттук компьютердик гимназия) уланткан. 1949–54-жылдары К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтунун ветеринария факультетинин студенти. Тянь-Шань облусундагы Он-Арча айылында участкалык ветврач .Загорск шаарындагы Бүткүл союздук канаттуулардын илимий-изилдөө жана технологиялык интитутунун аспиранты, Кыргыз Улуттук ИАсында кенже илимий кызматкер. 1958–60-жылдары Сокулук районундагы Ат-Башы асыл тукум бакма канаттуулар заводунда башкы зоотехник, 1960–67-жылдары Кыргыз ССР мал-чарба жана ветеринария илим-изилдөө институтунда бөлүм башчы, илимий тажырыйба тармагынын директору. 1967–73-жылдары Айыл-чарба министрлигинде илимий-пропагандалоо башкармалыгынын башчысы, 1975–78-жылдары Кыргыз ССР канаттуулар илимий-өндүрүү бирикмесинин) генералдык директору. 1978–82 жылдары Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы Кошоев Темирбектин биринчи орун басары, 1982–84 жылдарыКыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын биринчи орун басары. 1984–86 жылдары Кыргыз ССР эт-сүт өнөр-жай министри, Кыргыз ССР мамлекеттик агроөнөр-жай комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, 1986–87 жылдары министр.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg