www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Сабыке, салам! Алдыда келе жаткан 9-май, Улуу Жеңиш күнү майрамың менен куттуктайм! Жыл сайын Улуу Жеңиш майрамынын алдында талаш-тартыш болушу адатка айланып баратат. Быйыл да КР президенти Садыр Жапаровдун Москвадагы парадга катышуусу талкуу болуп, “барбасын, орус агрессорго жолобош керек, барса Батыштын балээсине калабыз” дегендер чыгып атат. Сен кандай дейсиң?

“Батышта демократия, Россия, Кытай, ж.б. авторитаризм орногон өлкөлөр, аларга кошулсаң өнүкпөйсүң, Батыштын балээсине каласың” деген пропагандага уугуп, башы айланып калган руссофобдор бизде да бар. Ошолор жыл сайын 9-майга карата чагым жасашып, “Батыш ырын” ырдап, орустарды боктомой адаттарын карматууда.

Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмди талкалап, адамзатты сактап калган Кызыл Армиянын баатырларынын эбегейсиз эрдиктерин унуткарып, тарыхтан чийип салуу аракеттерин көрүп, аларга курулган эстеликтерди кулатып, мүрзөлөрүнө чейин вандалдык кылып уратып жатышат. Себеби, Батыш өлкөлөрү дээрлик бардыгы Гитлерге кошулуп, СССРге кол салганга катыштыгы бар. Андан мурун Наполеонго да кошулуп алып, чогуу-чаран келип ташталканы чыккан.

Бул илгертен келе жаткан согуш. Азыр да алар кайрадан биригип, Украинаны шыкактап, прокси согуш уюштуруп, Россияны кыйратуу аракетин жасап жатышат. Батыш беткабын сыйрып, ал ойлорун ачык эле айтып алышты. Анан алардын Россияны кыйратуу максатын түшүнгөн орус эли “мейли, бизди кырып салсын” деп жатып береби? Ички душмандарын кууп чыгып, катуу биримдикке келип турган кези. Эми акесин таанытат Батышыңдын! Анан ошону өз көздөрү менен көрүп, өз кулактары менен угуп атканына карабай, көрмөксөнгө салып, Батышка сыйынып, орусту боктогон русофобдордун көбү Батыштан каржыланган уюмдар менен шыбагалаштар, келесоолугунан эчтекени түшүнбөй, жөн эле ээрчип, эшекче айкырып жүргөндөрү да жетиштүү

Россия менен Кыргызстан ОДКБ, ЕАЭБ алкагында стратегиялык өнөктөштөр. Россия менен араздашуу, мамилени бузуу кыргыз элинин кызыкчылыгына туура келбейт. ЕАЭБден чыгып Россиянын эбегейсиз рыногунан баш тартып, кенен жерге ээн-эркин кирип чыгуудан, эбегейсиз ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроодон ашкан келесоолук жок болсо керек.

Москвадагы жыйындан кийин калып, парадга катышып, кененирээк баарлашып, маселе чечип алуу оруска эмес, биринчи кезекте бизге керек. Садыр Жапаровдун ийининен кыргыз элинин оор жүгүн көтөрүү озуйпасы басып турат. Ал парад көрүп, жыргап эс алайын деп барган жери жок, биз, эл үчүн барып атат. Ошондуктан президенттин бул чечимин ар бир кыргызстандык колдоого алуусу керек.

-- “Орус менен мамилени бузбайлы, Россия стратегиялык өнөктөшүбүз” десең эле “орустар 1916-жылы үркүндө кырганын, 1938-жылы каймактарыбызды атып жоготконун унуттуңбу?” дешет.

унуттуңбу?” дешет. -- Биздин ата-бабалар Кокон хандыгынын зомбулуктарына тоюп бүтүп, Индия, Пакистан тараптан басып келе жаткан Англия жана Кытайдын экспанциясынын өтө кооптуу экенин сезип, Россияга кайрылып, анын букаралыгына өтүү чечимин кабыл алышкан. Алардын бул тарыхый чечиминин туура болгондугун турмуш далилдеди. Бүгүн эгемендүү өлкө болуп турганыбыз ошол атабабалардын туура чечиминин жемиши. 

“Орускул, орускул” деп тынбай безилдеп жаткандар – ички туюмунда өзүн кул сезген өксүгү бар адамдар. Алар эгемен болууну эмес, курсак камы үчүн Батышка кул болууну көксөгөн көрпенделер. Ооба, биз орус падышачылыгынын колониалдык саясатынан жапа чектик. Бирок, Совет өкмөтү жок болуп кетип бараткан кыргызды Кытайга алтын төлөп кайра көчүрүп келип, отурукташтырып, автономия берип, билим берип, эл катары сактап калганын, ортодогу орток Улуу Жеңишибизди кайда катабыз? Ошондо да “орус эли старший брат” деп жактырбай жүрдүк. Азырчы? Азыр экономикабыз алсыз, элибиз жакыр болгон үчүн ар кимге жалдыраганыбыз эле болбосо, биз толук кандуу суверендүү өлкө экенибиз талашсыз!

Совет доорунда качан генсек Бишкекке жыйынга келиптир? Качан Кыргызстан саммитте төрагалык кылчу эле? Эгемен болгонубуз үчүн кезек менен төрагалык кылып, баары Бишкекке жыйылып келип атышат. Биз жакыр, жарды болгонубуз үчүн эле ар кимге жалдырап атабыз, болбосо эгемен экенибизде шек жок. Бүт дүйнөдө эле ошондой: жакырлары байларына жалдырап, көзүн карайт.

-- “1938-жылы каймактарыбызды атып жоготконун унуттуңбу?” деп кектегендер тууралуу айтпай кеттиң...

Орустардын кыргыздарга каршы жасалган геноциди” деп карашыбыз керекпи? Улуу Октябрь революциясы ак падышаны кулатып, миңдеген элге азаттык алып келген таптык күрөш да. Ошону түшүнбөгөн “батыш кулдар” оозуна келгенди оттоп, Батыш пропагандасынын кадырын түшүрүп жатканын билишпейт.

Биринчиден, большевиктер1917-жылы Кытайга алтын төлөп кайра көчүрүп келбесе, Кыргызстан деген мамлекет болот беле?

Экинчиден, бул доор алмашкан граждандык согушта 29 миллионго жакын адам репрессияланып, атылып жапа чеккен. Эң көп зыянды анда да орус эли көтөргөн. Бул этникалык эмес, таптык күрөш. Ал күрөш болбосо, мына ошондо даана кул бойдон калмакпыз. “Батыш, батыш” дешет. Батыш бизге демократия куруп жыргатат имиш...

Батыш сени урганы жок! Батыш бизди орус менен чабыштырып, Украинадай кылып согуш отуна салып, оруска каршы согушуна гана колдонгусу келет.

-- АКШга Украинадагы согуш аздык кылып аткансып, Тайванда экинчи фронт аччудай күпүлдөп атканын кандай түшүнсөк болот?

-- Америка, Батыш үчүн жер тарып баратат. Сириядан кийин баштагыдай каалаган учурда, каалаган жерге болбогон шылтоону бетке кармап басып кирип, кырып-тонош мүмкүн болбой калды. Афганистандан качып чыгып, кайсактап атып, укронациктерге ишенип, орусту кыйратуу максатын ишке ашыруу үчүн гибриддик согуш баштап алып, катуу жаңылды. Орус баш көтөрүп, АКШнын жер бетиндеги баскынчылыгына жолтоо болуп жатышы аны ушуга аргасыз кылды.

500 жылдай дүйнөнүн көп жерин колония кылып, элин кырып, ресурстарын тартып алып, байып өнүккөн англосакстардын барбаган, тебелеп-тепселеп, канын сорбогон кай жер калды? Баарын соруп бүтүштү. Жер үстүндө ресурстар түгөнүп, жетишсиз болуп баратат. XVI кылымдан бери көз арткандары Карпат тоолорунан Тынч океанга чейин Россия ээлеп жаткан, жер ресурстарынын 70%ын камтыган кең мейкин жер. Ошону алуу үчүн Наполеон, Гитлер канча жолу келишти!

Мына азыр да ошол максат менен ар кандай шылтоо, жомокторду айтып, Украина элитасын сатып алып, неонацизмдин рассаднигин өстүрүп, 30 жыл “антироссия” даярдашты. Россиянын өнүгүүсүн токтотуп, алсыратып, кыйратып, бөлүп-жарып, талап-тоноо максатын ишке ашырабыз деген аракеттеринин айынан Россия алдын ала чара көрүүгө мажбур болду. Ошондон улам Украина аймагында Россия менен бирдиктүү Батыштын ортосунда гибриддик согуш жүрүп, карапайым эл жабыркап жатат. Ушунун баарын жаапжашырып, элдин башын айлантуу максатында орусту жамандап, дүйнө элине жек көргөзүү аракеттерин көрүп, маалыматтык согуш жүргүзүп, ЖМКларды түгөл колго алып каржылап, Батышта альтернативалуу кабар тараткан медиа булактарынын баарын жаап салышты.

Бирок, санкцияларынын эффектиси алар ойлогондой болбой, Россия кыйрабай, жыйынтыгы тескери эффект берип, Европада, АКШда, Батышта инфляция өсүп, нааразычылыктар күч алып, өздөрү чөгө баштады. Буга чейин коркконунан эле үн чыгара албай жүргөн элдер БРИКСтин алкагында баш көтөрүп биригүүдө.

Сурат Жылкычиев

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости