www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1938-жылдардагы репрессияларды "орустар атайылап кыргызды кырган" - деген мааниде таңуулап, этникалык жек көрүүчүлүктү күчөткүсү келгендер бар. Тынбай кайталашат. Мындай пикирин саясат талдоочу Сабыр Муканбетов билдирди.

"Эрнис Опушов 38- жылдагы репрессиялар этникалык негизде болгон эмес.

Ал таптык күрөш. Миңдеген жылдарга созулган кул элөөчүлүк заманды жою максатында Улуу октябрь революциясы болуп, адамдар теңсиздикке каршы күрөшкө чыккан. Бүт адамдарды туулгандан терисинин өңүнө карабай эркин жана тең укуктуу деп таанып, падышалык системаны уратып, капиталисстердин мүлкүн улутташтырып, Коммунизм курууга бел байлашкан. Жаңы заман дүйнөлүк империалистерге катуу коркунуч туудурган. Дүйнөлүк революция идеасы ишке ашса алар да байлыгынан ажырашмак. Ошондуктан алар АНТАНТАны уюштуруп Совет өкмөтүн кыйратуу аракетин көргөн. Жергиликтүү орус, ж.б. элдердин капиталистери, байлары, монархиялык системаны колдогондор каршы чыгып, актар, кызылдар, басмачылар болуп кырылышкан. Натыйжада кедейлер, жумушчу дыйкандар колдогон большевиктер жеңип бийликке келген.

Билимсиз, интелекти төмөн жаңы башкаруучулар элдик менчикти, экономиканы башкара албай кыйналышкан, эски бийликтин калдыктары саботаж жасап, жаңы бийликке каршы чыгууларын уланткан, аларга каршы катуу репрессиялык чаралар көрүлган.

Иштери жылбаган жаңы бийликтегилер да бири бирин эл душманы деп айыптап, бейкүнөө адамдар жапа чеккен. Ал репрессияларды орустар башка улуттарды кырган кылып көрсөтүү такыр туура эмес. Ал таптык күрөш - классовая борьба. Орточо болжолдуу 29 млн адам репрессия болгон. Ошонун 90% орустар болгон.

Жаңы заманды кыргыз эли да колдоп, 100% орто билим берүү киргизилген, шаарлар, жолдор, заводдор, ГЭСтер курулган.

30 жылда бир чоң завод, бир чоң ГЭС курдукпу? Аталар курган темир тезекти сатып бүтө албай жүрөбүз. Совет өкмөтү орноп, кыргыз эли отурукташпаса, бай- манаптык, феодоалдык системада көчүп-конуп жүрсөк кандай болмокпуз, кытайга көчкөн бойдон калсак, түштүк өзбекке, түндүк кытай менен казака карап Кыргызстан деген мамлекет болбой да калмак.

Ошондуктан биздин аталар басып өткөн каардуу, оор, бирок бизди эл катары сактап эгемендикке жеткизген Совет доорун ыксыз каралаган туура эмес. Ал аталар аянган эмес, болгон күчүн жумшап биз үчүн колунан келгенин куруп кеткен. Эки ортодо фашистерди талкалап бизди аман сактап калган.

А бизчи, эмне курдук?Тилибиз гана сайрайт, курсагыбызды тойгуза албай каңгып жүрөбүз.

Өзүбүздү мактап, өзгөлөрдү күнөөлөгөнгө машпыз.

Орустун арасында шовинистер ансыз да жетиштүү, орусту жек көргөн кыргыздар да жетишип атат. Анан ошолорду кубаттап, бири-бирибизди шыбап, жек-көрүүчүлүктү арттырып, шовинистер менен улутчулдарды көбөйткөндө табар пайдабыз эмне?

Ортодогу келишимдер боюнча биз Орусия менен стратегиалык өнөктөшпүз, ошону күчөтүп, достукту өркүндөтүү керек да.

Же эмне орусту талкалап, кырып, 8-9га бөлүп жок кылып, ресурстарына ээ болгусу келген батыштын тукуругуна кирип украиндерге окшоп келесоо болуп кырылган жакшыбы?", - дейт Муканбетов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости