www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Ысык-Көлдөн, Чолпон-Атадан, Кырчын жайлоосунан келгениңиз байкалып турат. Эми Көчмөндөр оюнунан бир шиңгил таштаңыз. Кандай болду, быйылкы оюн?
- Жакшы, жакшы... Үч жолу катары менен өткөрүүнүн тажырыйбасы жакшы жыйынтык алып келди десек болот. Ачылыштын сценарийи, режиссурасы өтө бийик денгээлде жасалган. Эч кандай ашык-кеми жок. Элибиздин калыптануусунан ушу күнгө чейинки басып өткөн жолун чагылдыруу идеясы көркөмдүк жагынган өтө жогорку деңгээлде берилип, кыска мөөнөттүн ичинде элге жөнөкөй, түшүнүктүү кылып баткырылганы чоң жетишкендик деп айтаар элем. “Кызыл ашыгынан жипке байланып алып, жардан ылдый башы менен тик ылдый секириптир, андан башка колунан эмне келмек эле” деп Алтынбек Максүтовду жамандаган кыкендердин оозу жап эле болду. Алтынбек окендер айтмакчы, “на этот раз, превзошёл себя”. Мыкты уюштуруптур. Азамат! Иш чараны идеалык жагынан күчтөндүрүп, текстерди тыкыс тескеген белгилүү драматург Султан Раевдин аргументтери да ачык байкалып, эл ыраазы болуп турат. Башында айттым го, бул эми тажырыйбанын үзүрү. Бирок, мына эми, жаңыдан такшала баштаганда Түркияга берип атабыз кезекти. Бир жагынан жалко, конечно...
- Жалко дейсиз да, Көчмөндөр дүйнөсүнүн эч бир мамлекети албай, ушуга чейин беймаза болуп, “бюджетте акча жок, ысырапкорчулуктун эмне кереги бар, өткөрбөй эле койуш керек” деп чыйпылыктап жатканыбызды унуттуңузбу?
- Көчмөндөр цивилизациясынын жалпы адамзаттын өсүп-өнүгүүгө, карым катнашты күчөтүүгө кошкон салымы баа жеткис экени талашсыз. “Жакшынын айтканы келбейт, жамандын сандырактаганы келет” демекчи Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык, өйдө-ылдый, ар кылка көп иштеринин ичинен, азгына мыкты ишинин бири ушу көчмөндөр маданиятын даназалоо идеясы болгону талашсыз. Тилекке каршы, ойкуп-кайкыган кыял жоругунун аркасында бул улуу идеяны өрчүтө албай, кучунашы кармап Түрк дүйнөсүнүн дөө-шааларынын кыжырына тийип, жалпы ишке кедергисин тийгизгени да жалган эмес. Адамдык фактордун таарыхка болгон таасири тууралуу айтылгандар кайтадан далилденүүдө. Болбосо элдин элге болгон мамилеси ар дайым жакшы. Башчылар гана бузат да, “погоданы”. Ато, мына карагыла, бизде хан алмашты эле эмне болду – баары кучагын жайып келип жатышпайбы. Көчмөндөр цивилизациясынын руху көөнөргүс руханий баалулук экенин баары таанып, таазим этип жатышат! Кыргыз эли да - жокчулук, бюджеттик тартыштык дегенди бетке кармап, кутула жаздап, “Көчмөндөр оюндарын” башкаларга өткөрүүгө жанталашканыбызды кантип жашырабыз? Көпчүлүгүбүз ушу кепке аралашып калдык го? А кеп чынында, мен бүгүн жашылданып турам – оюндун бизден кетип жатканына... Бизде гана өтө турган, пайдалуу иш-чарага айланта албадык. Каннский фестиваль, Сопот, арктикадагы ит жарыш ж.б. сыяктуу, абдан пайдалуу жергиликтүү брендге айлантканда кандай сонун болуп, сентябрь айынын башындагы туристердин агымы түзүлөт эле да. Бирок эми мейли... Ич тардык кылайын деген ниетим жок. Ылайым ушу Көчмөндөр оюну алгалап, көчмөн элдер арасында олимпиада, дүйнөлүк чемпионаттардай өнүгүп, көчмөндөр руху жайыла берсин.
- Көл кылаасына өлкөбүздүн баардык булуң-бурчунан эл жыйылды. Эл эмне деп атат? Маанайы кандай? Жаңы бийлик тууралу эл ичинден эмне кеп?
- “Эл оозунда элек жок”, “Калк айтса калп айтпайт” деген макалдар бар эмеспи. Анын сынарындай, коомдук пикир менен эсептешип, журналистика тармагында жүргөн кесипкөй катары, албетте эл менен баарлашып, алардын ой-пикирин тындап келдим. Негизинен элдин маанайы, сырткы боордош элдердин бизге болгон мамилеси жаман эмес. Түрк ааламынын аксакалы Нурсултан Назарбаевдин, дүйнөлүк эки тараптык тирешүүнүн НАТО тарабындагы күчтүү Түрк республикасынын президенти Реджеп Тайып Эрдогандын, Алтайдан тарап Европага жетип Венгрия деген мамлекет курган Хунн боордоштордун өкмөт башчысынын ж.б. түрк тилдүү мамлекеттердин жетекчилеринин баарынын жыйылганы буга далил. Эл ичинде ички-тышкы саясат тууралуу кеңири көп сөз болуп, жалпы жонунан позитивдүү маанайдагы кеп жүрүп жатат. Анын баарын айта берсең көп сөз. Мен ток этерин - азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбековго болгон мамилесин гана айтайын. Сооронбай Шарипович тууралуу талкуу анын ат майдандагы, ачылыш аземиндеги сүйлөгөн созүнөн кийин кызуу талкууланып, экинин биринин кеби болду. Акаевдей болуп, “Швейцария кылам” деп лапшаны илип чыйылдаганы жок, Бакиевдей болуп ортого чыгып - “Анжиян полькасын бийлеп кетпеди”, Атамбаевдей болуп куудулданып, ар-нерсе, бир нерсени сүйлөп, Карамзинди кыргыз кылып, Манасты этникалык орусиялык кылып тантырабаганын айтып жатышат. Эркекче жоон, көкөйдөгү Манастын коңур үнүндөй үнү менен ишенимдүү, өктөм сүйлөгөнү кыргыз элине кадимкидей дем берип, “Кудайга шүгүр уучубуз кур эмес экен, эл ишене турган эл башы бар экен, жарак экен, көнүп баштаптыр, адилет болот, кыргызды кор кылбайт!” деген ишенимдерин ачык айтып, алкап жатканына күбө болдум. Ичимден мен да элибиздин тилегин кабыл кылап көр деп жараткандан сурандым! Чын да эй иним, качанкыга чейин эле биздин президенттерибиз ит боло бериши керек! Акыры бир бактылуу өмүр сүрүп өткөн президент да кириши керек да тарыхка, ыя, туурабы? Же эмне кыргыздар бакытка татыктуу эл болуудан калганбызбы? Эми, “президентибиз бактылуу болмоюнча биз – жалпы эл кантип бактылуу боло алабыз?” деген кеп да. Андыктан, бакыт, адилеттүү ток заман каалайлычы –бири бирибизге.
Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити