www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул тапта Көчмөндөр оюну кызуу жүрүп жатканы менен "күзүндө кырдаал кандай болуп кетет экен" деп, ичинен имамга же Иванга кошулуп кете албай арасат жолдо турган аткаминерлер жок деп эч ким айта албайт. Күзүндөгү кырдаал тууралуу "Майдан.кж" гезитине саясатчы, Камчыбек Ташиев үн каткан. Төмөндө Камчыбек Ташиевдин гезитке берген маегин сунуштайбыз. 

- Күзүндө саясат курчуйт. Атамбаевдин тегерегинде көп ушактар жүрүп жатат. Аны элди көтөрүлүшкө алып чыгаарын кеп салышууда... Саясатта дагы эмнелер болушу мүмкүн?

- Мен өзүм ушакты, калп айтканды жактырбаган адаммын. Ошондуктан, азыр айтылып жаткан сөздөргө далилин көрбөгөндөн кийин ишенбейм. Ооба, бүгүнкү Атамбаевдин абалы абдан аянычтуу. Мактаган командасындагылар коррупцияга белчесинен батып, камалып, духу сынып турат. Бул жагынан алып караганда ал кечээки “досу” Сооронбай Жээнбековго таарыныч күч. Андыктан, экс-президент кандайдыр бир жолдор аркылуу президенттин кадамдарына таасир этүүгө аракет жасаары турган иш. Бирок, кечээ эле жүздөгөн адамдардын каны аркылуу бийликке келгенин бул киши унутпашы керек. Эгерде ал ызы-чуу уюштурса, ошол балдардын арбагын сыйлабагандык болуп калат. Элге тополоңдун кереги жок. Революция жасай тургандай нааразычылыкты көрбөй турам. “эки жолу революция жасаган баатыр элбиз”- деп артка кылчайа берген адатты токтотуубуз зарыл. Экономика он жолго түшүп, эл турмушун жакшырткыбыз келсе, өлкөдө тынчтык болушу зарыл. Ал эми ким болбосун, ызы-чуу сала турган болсо, мен биринчилерден болуп аларга каршы турам. Себеби, бизге Кыргызстаныбыз керек! “Дагы бир ызы-чуу болсо”- деп диний радикалдар чыдамсыздык менен күтүп, от бүркүүгө даяр. Аларга жол бербейли, өлкөнү кийинки муунга гүлдөгөн-өскөн маанайда өткөзүп берүү биздин милдет.

- Атамбаевдин партиясында да бөлүнүүлөр болуп жатат. Сагынбек Абдырахманов баштаган топ Атамбаевдин өзүн партиядан кууп чыгууга аракет жасап, жер-жерлерде курултай уюштуруп чуркап жатат. КСДП – тарыхы узун партия. Ал бир гана адамдыкы болушу мүмкүнбү?

- Кыргызстан социал-демократтар партиясын жалгыз Атамбаев түзгөн эмес, аны ачык айтыш керек. Анын башында башка да аттуу-баштуу адамдар туруп, бирок, уюштуруучулук иштери Атамбаевге жүктөлүп калганы бар. Экинчи жагынан, ачык айткан оң, ошончо узун тарых убакытта КСДПны каржылап, атын жоготпой, кадырын өстүрүп келген ушул Алмазбек Атамбаев экендиги да анык. Бизде партиялардын көбү шайлоого барыш үчүн эле түзүлөт, башка убакта токтоп турат. А КСДП эч убакта ишин токтотпой, тирүү организм болушуна, кийин анын бийлик партиясы болушуна Атамбаевдин салымы зор. Ошондуктан да эл аны Атамбаевдин партиясы катары билет. Саясий аба ырайынын өзгөрүшү менен мурда биз билбеген жагдайлар ачыкка чыга баштады. Партиянын кадырлуу мүчөлөрүн кызматка тартпай, жалаң жеген-ичкенди билген ачкөздөрдөн команда куруп мамлекетти башкарып, аягында КСДПнын да аброюн төмөн түшүргөнү үчүн гана нааразычылык чыгып жаткандай. Бул жагын да мен туура түшүнөм. Чынында Атамбаев партиядагы таза адамдарга таянбай, мурдакы ажолорду аңга түрткөн адамдарды кайра алып келип, шоопурун, жансакчыларын, секретаршаларын жогорку кызматтарга алып барып, абдан туура эмес кылган. Анын азабын эми тартып олтурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости