www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Ооба ЛГБТлардыкы айбанчылык. Бирок, жанагынтип, ак калпак, маска кийип алып барып, аялдарды улуу-кичүүсүнө карабай, ылгабай, четинен тепкилеп, сабап таратканыбыз, керек болсо, ЛГБТлардыкынан дагы ашкан айбанчылык да.

-- Сабыр агай, жаздын башы менен коом активдешип, митингдер башталды. 2-марттагы митинг, 8-10-марттагы жүрүш тууралуу ой бөлүшсөңүз. Бул массалык иш чаралар кандай маанай жаратып жатат? Жеке өзүңүз кандай таасирленип жатасыз?

-- Мен өткөндө, 2-марттагы митинг болоорунун астында силердин сурооңорго жооп бергем. Ошондо айттым эле, “арам ойлуулар, провокация кылып, башка жакка, тополоңго, бийликти басып алууга тымызын аракет жасачудай болуп жатат”-дегем.

Өзүм таң калдым –дал ошондой болду го?

Экисиндеги митинг – “Садыр Жапаровду колдойбуз, бошотулсун!” деген лозунг алдында уюштурулганы менен, иш жүзүндө максаты башка иш чара болуп чыкты. Бийликке нааразы болгон, төңкөрүш кылабыз деген күчтөрдүн аракети экени ачыка чыкты. Бийликтен кеткен, түрмөдө жаткан саясатчылардын кулактары чыгып атат.

Ошолор элди козутуп, көлүк жалдап, каражат сарптап уюштуруу иштерине тымызын катышканы билинип калды. “Он миңге чукул адамды аянтка топтоп туруп, ызы-чуу, өрт чыгарып, тополоң жасап жиберсек бийликти кулатабыз”-дешкен экен. Бирок ал провокаторлордун оюу ишке ашкан жок.

Себеби, биринчиден элибизде азыр, андай, бийликке карата, анчалык, тополоңдү колдой турган настроение, чоң нааразычылык жок. Эки элдик революцияны коштогон тополоңго тойгон элибиз азыр тынчтыкты каалап турат. Экинчиден, андай көтөрүлүш тымызын шыкактоо менен ишке ашпайт.

“Баш болом”-деп ачык башында турган саясый күчтөрдүн биримдиги керек. Болбосо, баягы Барктабасовдукундай эле болот. Жаалдап Акүйдү басып киресиң, ичин талкалап, талап-тонойсуң, сийип-чычасың, анан экскурсия бүткөндө, чарчаганда тарап-тарап кетесиң да? “Мына бийликти куудук, биз башкача кылабыз!”-деп ачык чыгып, элдин колдоосуна ээ болгон саясый күч болмоюн эч кандай революция болбойт. АКШ жасады, Орусия жасады деген жөн эле сөз. Сырткы күчтөр да эл бышмайын кийлигишип, эч нерсе кыла алышпасын билишет. Эл ошондой көтөрүлүшкө дайын болуп, көтөрүлүшчүлөрдү колдоп калганга жетмейин эч ким бийликти ала албайт. Муну мурунку эки элдик революция, эки ортодогу ишке ашпаган далалаттар далилдеди го?

Эми берки, сегизинчи март...

ЛГБТчылар ушу Аялдардын эл аралык майрамына аралаш чыгып, энелердин, эже-карындаш, кыздарыбыздын, жаздын майрамын курутушту да калды. Жыл сайын... Бул ЛГБТчылар бизде, Кыргызстанда өтө аз. Алар өз алдынча гейпарад өткөзө алчу санда эмес.

Ошондуктан аялдардын укугун коргоо маселесине бир четинен жабыша калып чыгып жатышат. Эми бул гей, лесбилерди издеп барып куугунтуктап, кордоп жаткан окуялар деле жокко эсе. Үй-бүлөөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдар көбүрөөк, керек болсо.

Булардын ошол, биздин коом, биздин муун кабыл албай турган, биздин түшүнүгүбүздө адепсиздик, айбанчылык катары саналган ыпластыкты пропагандалап, биз үчүн көнүмүшкө айландыргылары келип жатканына гана кыжырданып атат -биздин эл.

Плакат көтөрүп көчөгө чыгып, көзгө чукуп, -“биз барбыз, биз ушундайбыз, бул нормально, силер да ушинтсеңер болот!”-дешип, коомго, өспүрүмдөргө таасир эткендерине каршы болуп атабыз да. Анан коом жактырбай аткандан кийин алар деле тартынып, тынчыраак, уюктарында жүрө беришсе, бул ЛГБТчыларга каршы деле эч ким чыкмак эмес.

Биздин өлкө бүт дүйнө жүзүнө шерменде болдук. “Ак калпак кийген кыргыздар алсыз келин кесекти аялдардын эл аралык майрамында тепкиледи”-деп, бүткүл дүйнөлүк ЖМКлар айтып жатат. Бири бирибизди “мырк” дечү элек, мына, эми даана мыркстан болдук. 40 “чочо” болсо танып жатат –биз эмеспиз- дешти. Анда ким? Кайдан чыкты бул провакаторлор? Ошолорду табыш керек да жазалаш керек. Кыргызстанды эл аралык аренада эбегейсиз репутациялык жоготууга учураткандар жазасыз кала береби?

Ооба ЛГБТлардыкы айбанчылык. Бирок, жанагынтип, ак калпак, маска кийип алып барып, аялдарды улуу-кичүүсүнө карабай, ылгабай, четинен тепкилеп, сабап таратканыбыз, керек болсо, ЛГБТлардыкынан дагы ашкан айбанчылык да. Баарынан жаманы, прогрессивдүү коомчулук катарына кире турган журналистерибиз, ак элечек кийген аялдарыбыз чыгып алып, -“чала болду, сооп болду, айыра тебишсе болмок!”-деп атканын укканда жаныңдан түңүлөсүң. Даана “мыркстан” болдук –жер жүзүнө. 

Маектешкен Мээрим ДҮЙШЕЕВА

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости