www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо жалпы жарандык паспортторду берүүнүн мөөнөтүн 6 иш күнүнө кыскартат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта аталган мекемеден маалымдашты.

Маалыматка караганда, коронавирустун дүйнөдөгү мамлекеттерге өтө тездик менен жайылып жаткандыгына байланыштуу 1-марттан тарта, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынып, жалпы жарандык паспорт алуу үчүн кезекке тургандардын саны өскөн.

Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспортту даярдоо жана берүү мөөнөтүн 6 күнгө кыскарткан. Башкача айтканда буга чейин жалпы жарандык паспорту даярдоо убактысы 18 күн болсо, азыр 12 иш күнүндө берилет. Бул үчүн кошумча акча төлөнбөйт. Жарандарга өз убагында паспорт менен камсыз кылуу, кезекке тургандардын санын азайтуу максатында мамлекеттик персонификация борбору күчөтүлгөн тартипте - күндүзгү жана түнкү нөөмөттө иштеп жатат.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости