www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат жана саясатчы Бактыбек Калмаматов 22-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган. Анда эки жумалык кичи ажылык зыяратка баратканда чек арачылар ага «өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин» айтканын билдирген.
Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, «күбө катары суракка чакырылганы» тууралуу кагаз беришкен. Калмаматов УКМКда сегиз сааттан ашык сурак берип, андан соң камакка алынды.
Адвокаты Айым Камчыбекова билдиргендей, УКМК экс-депутатка «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси менен айып таккан. Ошол күнү кечинде УКМКнын кызматкерлери Калмаматовдун үйүндө, кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн.
- Бактыбек Калмаматовдун камалышын кандай баалайсыз? Саясий куугунтуктун курмандыгы болгон жокпу?
- Бактыбек Калмаматовго койгон айыптар суу кечпейт, аны камака алуу ашачапкандык. Коркутуп-үркүтүп башкарып алабыз деген жаңылыштык. Адилет, калыс, баарына тең карап башкарабыз деш керек.
Кол кайыруу, кысым көрсөтүү эч качан жакшылыкка алып келген эмес. Бир күнү чегине жеткенде эч ким коркпой калат, ошондо кысылган пружина артка тебет. Анан баягыдай аянтта кан-жинибиз жайнап жатып калабыз.
Бийлик башкаруу ыкмасын, оппоненттерге болгон мамилесин өзгөртпөсө болбойт. Антпесе баягы тырмоокту кайра басканы турат.
Булак: Жаңы Ордо гезити