www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cаясат талдоочу, коомдук ишмер Сабыр Муканбетовдун кыргыздар тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Сабыр Муканбетовдун билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

"Биз башка элдерден өйдөбүз, касиеттүбүз, биз нурдан бүткөн элбиз, Кудайдын мурдунан түшкөнбүз, Кудай бизди өзгөчө жараткан, башка элдер бизге баш ийип, сыйынып, тапкан-ташынганын бизге апкелип берип, анан биз өлчөп бергенибизди кайра алып кетип ошо менен, айтор биз айткандай жашап, оокат кылыш керек, бүт дүйнө бизге, кыргыздарга баш иймейин иштери оңолбойт"- деген сыяктуу жөө жомокторго ишенип, ошол "халява" жыргал заманды күтүп жүргөндөр да бар.

Кудай бизди жалпы адамзаттан өзүнчө, өзгөчө кылып жараткан эмес. Биз жалпы адамзаттан эч айырмабыз жок, артык да эмес, кем да эмес элбиз. Биз жаралганда эле кыргыз болуп жаралдык деген калпыс түшүнүк. Биз жалпы адамзат менен бирге айбанчылык касиеттерибизден арылып, адамдык сапаттарыбызды арттырып келебиз. Адамдар алыс чөлкөмдөрдө жайгашып, каттамдар жокко эсе болгонуна байланыштуу ар кандай өзгөчөлүктөр орун алып тилдер өзгөргөн. Ар чөлкөм өзүнө өзү, же коңшулар атаган ат менен аталып түркүн этностор пайда болгон. Биз башынан кыргыз болуп жаралган эмеспиз. Биз адам болуп жаралганбыз. Жалпы адамзат сыяктуу жүзмиңдеген жыл жашап келебиз. Кыргыз деп аталганыбызга 3 миң жыл, болуптур сандырак санжырачылардыкы туура десек да 20 миң эле жыл.
Курулай ооз көптүрүп, дүйнөгө шылдың болбойлу. Биз бөтөнчө жаралган эмеспиз. Биз адамзатка эле киребиз. Биз адамбыз. Биз кыргыз болгонго чейин адам болчубуз. Башкалар да кытай, монгол, орус, немис, англичан, индеец, индус болгуча адам болушчу. Аттары жок, ат койууга ойлору да жок, чала жылаңач жүрүшкөн. Анан алыстап, бөлүнүп, отту багынтып, акылы артып, өзүлөрүнө өзүлөрү, же коңшулар ат койуп, ошо атты карманышып, мамлекет курушуп, согушуп, бири-бирин кырышып келе жатат. Биз дагы кырда жашаган үчүн, кырылгыс болгон үчүн, кырк кыздан тараган үчүн кыргызбыз" деп , ж.б. толгон токой жомок версияларды айтып, дайнын билбейбиз. Ошонун өзү айтып турбайбы - биз адамбыз!

"Адамдан башкача жаралганбыз, артыкчабыз" деген абдан уят, бул жеткен акылсыздын сөзү!",-деп Сабыр Муканбетов жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости