www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы Covid-19 менен жабыркаган Майра Рамиресге алгачкылардан болуп кош өпкөнү трансплантациялоо операциясы жасалды. Бул тууралуу "New York Times" басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын өпкөсү коронавирустан улам жарактан чыккан. Аны аман алып калуунун бир гана жолу өпкөнү трансплантациялоо эле.

⁣⁣Ал акыркы жолу, Чикагодогу Түндүк-Батыш Мемориал ооруканасынын тез жардам бөлүмүндө жатканын, үй-бүлөсүнө телефон чалып, Ковид-19 экенин, ага өпкөнү желдетүүчү вентилятор туташтырылыш керек экендигин жана энесинин ага байланыштуу медициналык чечимдерди кабыл алуусу керек экендигин айткан.

На изображении может находиться: 1 человек, сидит, очки для зрения и в помещении

28 жаштагы Майра 6 жумадан ашык ойгонгон эмес. Ал, 5-июнда ага өпкөнүн трансплантациялоо операциясы жасалганын эсине келгенде гана билген. Ал эми, ушул жума ооруканадан үйүнө чыгып кеткен.
Майра "Менин тырыктарымды көрүшүңөрдү жана вирустун адамга кандай таасир этерин көрүшүңөрдү каалайм!" - деди.

Бул операция, качан гана адамдын өзүнүн өпкөсү жарактан чыгып, аны куткарууга мүмкүн болбой калган учурда гана жасалат.

Дарыгерлердин айтымында, алар эч качан куткарууга мүмкүн болгон өпкөнү алып сала алышпайт. Ал эми өткөн жылы Америкада 2700гө жакын өпкөнү трансплантациялоо операциясы жасалган.

На изображении может находиться: один или несколько человек

Булак: NazarNews.kg

Последние новости