www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу Өзбекстандын Шахрисабз шаарында 41 жаштагы жаран унаасынын эшигин ичинен бекитип, бензин чачып өзүн, жубайын жана жашы жете элек үч баласын кошо өрттөп салган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянып, өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 1979-жылы туулган жаран аялы менен уруша кетип, Lada автоунаасында өзүн, аялы, уулу жана эки кызы (2008, 2009 жана 2014-жылы төрөлгөндөр) бензин чачып, өрттөп жиберген.

Күбөлөр дароо жабырлануучуларды ооруканага жеткиришкен. Алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, унаада кыздардын бири калып, ошол жерде каза болгон. Тилекке каршы, үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү ооруканада көз жумган.

Бул окуя боюнча Шахрисабз райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости