www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кырсыгына кабылып, ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбековага операция жасалды. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

"Асел Кадырбекованын акырегине 9-июлда операция жасалган. Ал алгачкы кадамдарды жасап, кыймылдай баштады. Учурда жандандыруу бөлүмүндө, жанында апасы бар. Анын абалы аз-аздан жакшырууда", - деди ал.

Эске сала кетсек, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого тшп калган.  Ырчы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чыкканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости