www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия, Азербайжандын Товуз районуна армян куралдуу элементтери тарабынан болгон кол салууну кескин айыптады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Армениянын агрессивдүү улутчулдук түшүнүгүнүн жаңы көрүнүшү болгон бул кыймылдын Азербайжан тарабынан мизи майтарылган болушунун, агрессиянын жоопсуз калбай тургандыгынын айкын далили экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө Армения эл аралык коомчулуктун көңүлүн Азербайжандын жери Тоолуу Карабах  жана анын айланасын бир нече жылдар бою мыйзамсыз басып алышынан башка жактарга бурдуруу үчүн жана чыр-чатакка жаңы өлчөмдөрдү кошуу менен саясий чечүүчү жолдун алдын тороо үчүн кайрылган бул аракеттеринин майнапсыз болоору айтылган.

Армян тарабы мындай коркунучтуу тактикалардан баш тартып, акылдуулук менен иш алып барып, мыйзам жолун тандашы керектиги баса белгиленген билдирүүдө, өз мүмкүнчүлүктөрүнөн ашкан амбицияларга карата кыймыл кылуусунун Армениянын абалды аңдоо кемчилигин көрсөтүп тургандыгы жана аймактагы тынчтык жана стабилдүүлүккө эң чоң тоскоолдук болуп жаткандыгы белгилүү болду.

Армениянын агрессияны жаап-жашыруу аракеттери эл аралык коомчулук тарабынан эч кандай жол менен кабыл алынбайт деген үмүт бар экендиги айтылды жана төмөнкүлөргө орун берилди:

«Армян куралдуу элементтеринин Азербайжандын Товуз аймагына кол салуусун кескин айыптайбыз. Курман болгон Азербайжан шейиттери үчүн дос жана боордош Азербайжан элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз жана жарадар болгондордун тезирээк сакайып кетишин тилейбиз. Өзүнүн жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн жүргүзгөн күрөшүндө Түркия бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшоо менен Азербайжанды колдоосун улантат».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости