www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-мартта Парижде ЮНЕСКОнун кезексиз сессиясы өтүп, анда Украинадагы кырдаал боюнча билдирүүнүн тексти каралды. Бул тууралуу Eurasia Today жазып чыкты.

ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын өкүлү Садык Шер-Нияз атайын кайрылуу жасап, Украинадагы аскердик операцияларга карата Кыргызстандын позициясын билдирди.

"Кыргыз Республикасы Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу жана терең кайгыруу менен көз салып жатат. Биз кырдаал тынчтык жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салынарына ишенебиз. Кыргыз Республикасы бардык тараптарды, чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн этияттуулукка жана сабырдуулукка чакырат. Биз, тараптардын тынчтык келишимине тез арада жетишүүсүнө, анын ичинде, мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүү үстөлүндө абалды жөнгө салуунун жаңы форматтарын жана механизмдерин түзүү максатында реалдуу аракеттер болушуна үмүттөнөбүз",-деди ал.

Андан ары Кыргызстандын өкүлү өз атынан сүйлөп, кесиптештерин жаңжалды курчутуунун саясий куралына айланбоо үчүн билдирүүнүн текстине сабырдуулук жана дипломатия менен мамиле кылууга үндөдү. Ал ЮНЕСКОнун максаттары маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү экенин эске салды.

"Кабыл алынган чечимдер биринчи кезекте тынчтыкты орнотууга жардам бериши керек. Бирок текстти карап көрөлү. Бул эмоционалдык, талап коюучулук жана ультиматум менен түзүлүп калган. Мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатышкан Германия менен Франциянын президенттеринин аракеттерин колдойт элем. Айрымдар Путин менен жумасына үч жолудан сүйлөшүп жатышат. Кандай ойлойсуңар? Макрон, Шольц мырзалар Путин менен сүйлөшүүдө "агрессия", "токтотууну талап кылам" деген сөздөрдү колдонуп жатышабы? Андай кылышкан жок деп ойлойм. Мен алар дипломатиялык, токтоо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө деп эсептейм. Азыр дүйнө бөлүнүп калуу алдында турганын түшүнгүлө. Мен дагы айтам: дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда турат. Урматтуу кесиптештер, бул чындык жана биз аны моюнга алышыбыз керек. Кабыл алынган чечимдер отту өчүрүү үчүн дипломатиялык, токтоо жана эмоциялары азыраак болушу керек»,-деди Шер-Нияз.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости