www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Украинага 13,6 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик, гуманитардык жана экономикалык жардам берүү тууралуу мыйзамга кол койду.

"Мен жаңы гана эки партиялык мамлекеттик каржылоо тууралуу мыйзамга кол койдум. Ал өкмөттүн ачыктыгын сактап, Украинага тарыхый 13,6 миллиард доллар каражат берет", — деп билдирди Байден.

Президенттин айтымында, бул мыйзам менен Ак үй Америка элине "демократтар менен республикачылар чынында эле чогулуп, иш кыла тургандыгынын белгисин" көрсөткүсү келет.

"Орусиянын куралдуу агрессиясы Америкадагы бардык адамдарды бириктирди. Конгресстеги биздин эки партияны, эркиндикти сүйгөн дүйнөнү бириктирди", — деди Байден.

Каражат Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоого багытталган. Бир бөлүгү жарандарга, анын ичинде болжол менен 1,5 миллион качкынга гуманитардык жардам берүүгө жумшалат.

9-мартта мыйзам долбооруна добуш берүү учурунда Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси бөлүнө турган акча жардамдын "аз гана бөлүгү" болушу мүмкүн экенин айткан.

Эске салсак, Орусия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан.

Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, куралдуу күчтөр аскердик инфраструктурага жана украин аскерлерине гана сокку урууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости