www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдолор бурмалаган президенттин жарлыгынын чыныгы маанисин жергиликтүү бийлик аксакалдардын, байбичелердин, мугалимдердин күчү менен гана элге түшүндүрүп ынандыра алат! Мындай пикирин жазуучу Абыдмамбет Сариев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Молдолор бурмалаган президенттин жарлыгынын чыныгы маанисин жергиликтүү бийлик аксакалдардын, байбичелердин, мугалимдердин күчү менен гана элге түшүндүрүп ынандыра алат!

Жергиликтүү бийлик, милиция азыркыдай кырдаалда Президенттин Указын бурмалап, элди бөлүп-жарып, ынтымагын кетирген радикал исламчы молдолорду ээрчип албай, Указды жакшылап окуп маанисине түшүнүп, айылдардагы аксакалдар, байбичелер, көчө башчылар айыл башчылар, айыл интеллигенциясы болгон мугалимдер менен кеңешип иштөөлөрү учур талабы.

Себеби, жергиликтүү бийлик алар менен биргеликте өлүм болгондо дасторконго салат, конфет, банан, жер жемиш, печенье ж.б. ар нерселерди жайнатып коё бергенди, кыз узатууда түштөнүү, аттанар аяк ж.б. керексиз каадаларды да тыйып, «аш көп болсо каада көп» кылбай, элди кыйнабай ашыкча ыгым-чыгымды ынтымак менен эле токтото алат. Молдо болсо динди жамынып элди бузуп, кайра ынтымагын кетирет.

Жергиликтүү бийлик молдо менен эмес, мына ушулар менен биргеликте кеңешип, өлүм болгон жерде маркумдун үй-бүлөсүнүн абалын карап, маркум менен коштошууга келе турган элдин аз же көбүнө карап союш маселесин кырдаалга, салтка жараша чечишсе эл мынчалык ызы-чуу түшпөйт эле. Бийликке нааразы болбойт эле!?

Эми деле кеч эмес!

Указды аткарууда атайын Жобо иштелип чыкмайынча өлкө бийлиги жергиликтүү администрацияларга, Ички иштер министрлигине тапшырма берип, жер-жерлерде – шаарлардагы, райондордогу, айылдардагы жергилктүү бийлик милициялар менен биргеликте аксакалдар, байбичелер, мугалимдер, айыл башчылар, көчө башчылар менен тыгыз байланышта болуп кеңешип кырдаалга жараша иш жүргүзүүлөрү керек.

Анткени алар биригип, өз ара акылдашып, элдин башын кошуп ынтымакка келтирет. Президенттин Указынын чыныгы маанисин түшүндүрөт!

Указды атайылап бурмалаган, Бийликти элге жек көрсөткөн, дин аркылуу арабдардын маданиятын, кийимин таңуулаган, мыйзамга, салтка каршы иш кылган, элдин ынтымагын кетирип уруш-чатак чыгарууга башкы себепкер болгон радикалдык көз караштагы молдолорду теске салат.

Ошентип алар жалпы элдин биримдигин, ынтымагын сактап калат да эл арасында диний-жарандык коогалаң чыгып кетүү коркунучунун алдын алат!», - деп белгилеген Сариев.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаровдун өлүм чыккан жерде ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жарлыгы жарыяланган. Бул жарлыктын максаты — жарандардын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу экени айтылган. Ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорлукту алдын алуу.

Ал эми парламенттик угуу учурунда той-аш жана маркумду узатуу жөрөлгөлөрүндө эреже бузгандарга 150 миң сомго чейин айып салуу сунушталган.

Көп өтпөй Кыргызстандын муфтияты маркумду узатуудагы ысырапкорлукту алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды. Анда ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асып мал союлбай, тамак берилбей турганы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости