www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик алтынга эч ким даай албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.
Буга чейин социалдык тармактарга президенттин бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтү тараган. Президент буга байланыштуу суроого жооп берип жатып мамлекетке тиешелүү алтынга бир туугандары эмес, өзү дагы жолой албай турганын белгиледи.
"Өткөн жылы "Кумтөрдү" кайтарып алуу процесси жүрүп жатканда Теңиз мырзага: "Кимдир бирөөлөрдү гана эмес, мени дагы укпагын, ар бир грамм алтын, ар бир сом үчүн керт башың менен жооп бересиң! Мамлекеттин укуругу узун, бир сомдун артынан сая түшүп издеп табат", — деп айткан элем. Ошентип бир да кадр киргизбедим, бир дагы ишине кийлигишпедим. Толугу менен өзүнүн эркине койдум. Теңиз мырза башкарган убакта алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген", — деди Жапаров.
Өлкө башчы "Кумтөрдөн" баштап "Кара-Балтага", андан бери "Кыргыз алтын", анан Улуттук банкка чейин 24 саат бою видеокамералар, сакчылар, текшерүүчүлөр коюлуп, бири-бирине акт менен өткөрүп берип турушарын белгиледи.
"Ал эми кен иштетүүдө керектүү товарларды сатып алууда жогорулатылган баа көрсөтүлгөн учурлар аныкталды. Ал боюнча азыр тергөө тобу иштеп жатканын билесиздер. Теңиз мырзанын катышы барбы же жокпу, аны тергөө аныктайт. Убагы келгенде аны да айтабыз. Элден жашыра турган эч нерсебиз жок. Мындан ары эч нерсе жашыруун болбойт. 19 тонна алтын боюнча өткөндө эле жооп бердим эле, азыр да жооп берип коёюн. 19 тонна эмес, 19 грамм алтындын эсеби дагы архивде түбөлүк сакталат. "Кумтөр", "Кыргыз алтын", Улуттук банктын жооптуу кызматкерлери жана башка алтын сатууга катыштыгы бар жүзгө жакын киши алтындын ар бир граммына чейин жооп берет. Бир грамм жоголсо же кемисе да жооп беришет. Менин бийлигим түбөлүк эмес. Менден кийин кайсы бийлик келбесин, текшерип чыкса баары калкып чыгып калат. Ошондуктан эч кимиси алтын уурдоого даап барбайт. Анткени система ошондой коюлган. Бир грамм алтын көзөмөлсүз эч жакка сатылып кетпейт", — деди Жапаров.
Өлкө жетекчиси айрым депутаттар, саясатчылар текшерип чыгалы деген сунуштарын айтып жатканын кошумчалап, комиссия түзүүгө каршылык жок экенин белгиледи, каршылык жок. Канча алтын чыкты, кайда, канчадан сатылды жана башка бардык суроолуу маселелери болсо текшерип чыгып, элге ачык жарыялашсын деди президент.
"Жашыра турган эч нерсебиз жок. Учурда ал жакта тергөө тобу иштеп жатат. Ошолор менен бирге иштешсин. Азыркы жаңы жетекчиси Алмаз Барктабасов мырзага да Теңиз мырзага койгондой эле "Кумтөрдөн" бир грамм алтын, бир сом уурдалбасын. Уурдалган каражат үчүн катуу жооп бересиң" деген талаптарды койдум", — деди Жапаров.
Президент маегин эч ким түрмөгө баргысы келбесе керек деп аяктаган.
Булак: NazarNews.kg