www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан менен айыл чарба, маалыматтык технология, аба каттамдары, монополияга каршы жөнгө салуу жана интеллектуалдык менчикти коргоо сыяктуу тармактарда кызматташуу боюнча 10 маанилүү документке жана макулдашууга кол коюлду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасаган. Ал Бакыга биринчи ирет расмий сапар менен барганын белгиледи.

"Биз жаңы эле урматтуу президент Ильхам Алиев менен эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмаштык. Достук мамилелерди активдештирүүгө жана кеңейтүүгө карай багыттын өзгөрбөстүгүн ырастадык. Бүгүн Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилени стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрдүк. Тиешелүү декларацияга жаңы эле кол койдук", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал бул тарыхый мүнөздөгү маанилүү документ мамилелерди өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп саналарын белгиледи. Аны менен катар Азербайжандын ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

"Мамлекеттер аралык кеңешти түздүк, анын отурумдарында эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери каралат. Бизде соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Экономикабызды либералдаштыруу боюнча кадамдарды жасап жатабыз. Инвестициялык мыйзамдар өркүндөтүлүп, ага байланыштуу Кыргызстандын көптөгөн өлкөлөр менен инвестициялык кызматташтыгы жанданууда", — деди мамлекет башчы.

Ал кыргыз тараптын көз карашын Азербайжан Республикасынын башчысы толук колдой турганын түшүнүү чоң кубаныч тартуулай турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости