www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Пакистанга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу менен Пакистанга мамлекеттик сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы "Нур Хан" авиабазасына конду. Эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, ошондой эле башка расмий адамдар тосуп алышты.

Мамлекет башчысынын келишинин урматына 21 жолу замбирек атылды.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (Парламенттин төмөнкү палатасы) спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (Парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык негизги тармактардагы эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстан-Пакистан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Последние новости