www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элдин мүдөөсүн айтып, чындык, акыйкаттык деген инсандарды эл кандай кырдаал болбосун колдоп, көтөрүп аларын Дастан Бекешовдун Жогорку Кеңешке эки жолу удаасы менен Бишкек шаарынын Октябрь районунан депутат болгону айгинеледи.
Дастан мырзага эл өздөрү каражат топтоп, эки жолу тең бир мандаттуу округдан колдоп, парламентте элдин үнү болуп, көйгөйүбүздү ачык айтып турат деп шайлашты.
Чынын айтыш керек, канчалаган акчалуулар аламан жарышта Бекешовдун чаңында калып утулушту. Демек, эл деген тараза деген ырас экен. Калыс, чындык үчүн дегендерди көз жаздымда калтырбай, сыйы, кадыры болсо, эмгеги өтсө, өздөрү көтөрмөлөп бийикке чыгарат тура.
Ошол себептен, илгертен “эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деп айтылбаптыр да. Эмне дейбиз, эл ишенимине арзыган Дастан Бекешовго ийгилик каалайбыз. Чындыкты көргөн Дастан мырзадай депутаттар көп болсун.