www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол тескөөчүлөргө сынак жарыяланды. Шарттары

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кенже жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүгө сынак жарыялайт.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сынакка 19дан 30 жашка чейинки жалпы орто билимге ээ болгон айдоочулук күбөлүгүнүн В менен С категориясы бар болгон жарандар талапкер боло алат.

Сынакка катышууну каалагандар төмөнкү документтерди алып келиши керек:

  • жеке арыз;
  • кадрларды каттоо боюнча баракча;
  • өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);
  • автобиографиялык реферат;
  • билими тууралуу документтердин көчүрмөсү;
  • нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын конкурс учурунда көрсөтөт);
  • паспорттун копиясы;
  • никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
  • укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
  • 9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт.

Кабыл алуу 2025-жылдын 25-декабрга чейин улантылат.

Документтер Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат. Телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.

Ал эми жер-жерлердеги ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн даректери жана байланыш номерлери:

  • Чүй облусу, Сокулук району, Ак-Жол айылы, Абай көчөсү, 7 (0704 037 704);
  • Нарын облусу, Нарын шаары Жамгырчы уулу Абас көчөсү 15 (0500 823 315);
  • Ош облусу, Ош шаары Навои көчөсү (0706 110 072);
  • Ош шаары, Ош шаары Касымбеков көчөсү, 30 (0550 242 622);
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары Токтогул көчөсү, 1А (0508989890);
  • Талас облусу, Талас шаары Бердике баатыр көчөсү, 460 (0701102 117);
  • Жалал-Абад облусу, Манас шаары Байзакова көчөсү, 226 (0888 888 867);
  • Баткен облусу, Баткен шаары Курманжан датка көчөсү, 115 (0705 192 020).

Последние новости