www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында Нооруз майрамына карата майрамдык салтанатта куттуктоо сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы куттуктоосунда өткөн жылы Нооруз майрамын өрүкзарлуу Баткенде белгилеп, Мекен чеги башталган бул өрөөндүн өсүп-өнүгүшүнө тилектерин айтканын эскерди.  Ал чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоону улуттук эң башкы маселелердин бири экенин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө чек ара аймагындагы элибиздин социалдык көйгөйлөрүн чекесинен чечип келе жатабыз. “Баткен өнүксө, мамлекет өнүгөт!” деп Баткенде айтылган тилектерде кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз деп сөз бергенбиз. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз!», — деди президент.

Садыр Жапаров буга чейинки жетекчилердин кетирген кемчиликтери өнүгүүгө кедергисин тийгизип жатканын айтты.

«Буга чейин, тилекке каршы, коомубузда чоң-кичине, кары-жаш дебей ар ким өз милдетин кылбай, өлкөнүн саясаты менен көбүрөөк алектенип, улуттук экономика жаатындагы маселелерге кош көңүл мамиле жасалып, маани берилбей калган. Кокту-колот, уруу-урук, жердешчилик, тааныш-билиш саясаты коомчулуктун баш оорусуна айланган. Ар бир жаңы келген жетекчи өлкөнүн өнүгүшүн кечеңдеткен жагдайларга өздөрүнө чейинкилерди шылтоо кылмай адат болуп калган. Биз мындайды токтотушубуз керек! Булардын баары өнүгүүгө кедергисин тийгизип, азыркыга чейин анын кесепеттерин тартып келебиз.

Эми учур башка. Заман ыкчам өнүгүп, дүйнө өлкөлөрүнүн алдында жаңы талаптар, жаңы чакырыктар коюлууда. Мындай өзгөрүүлөрдүн фонунда Кыргызстан бир силкинип, жаңыча ойлонууга, жаңы көз караштарды калыптандырууга умтулушу абзел!», — деп белгиледи мамлекет башчы.

Ошондой эле, ал 2 жылдан бери өлкөдө көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып жатканын айтты.

«Кудайдын кулагы сүйүнсүн, 2 жылдан бери өлкөбүздө бекем ынтымагыбыз, жапырт аракетибиз менен көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып жатат. Өткөөл кезең аяктап, өнүгүү көчү башталды десек болот. Көчүбүз, буюрса, бара-бара дагы да түзөлөт. Биз өлкө жетекчилиги эл ишеним артып берген милдеттердин өтөөсүнө чыгууга тийишпиз!

Өлкөнүн коомдук, саясий, социалдык жана экономикалык турмушунда келечек муундар тарабынан туура баалана турган көптөгөн мыкты жөрөлгөлөр менен жакшы саамалыктар жаралууда», — деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости