www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда калыс позицияны карманат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 9-мартта парламентте Кумтөр маселеси талкууланган жыйында билдирди.

"Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосундагы болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип жатканын көрүп жатабыз. Кыскасы, дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз, согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек. Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз.

Дал ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болуп турат. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” деген накыл кеп бар элибизде. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алып барышыбыз абадай зарыл болуп турган чак”, – деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости