www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров жаңы жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров "Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкта төмөнкүлөргө тыюу салынат:

Өлкө аймагында жашыруун (легалдуу эмес) кумар оюндарын, анын ичинде оюн автоматтарын пайдалануу менен уюштурууга жана өткөрүүгө, лицензиясы жок тотализаторлордун, букмекердик конторалардын ишине тыюу салынсын.

2023-жылдын 1-январынан тартып оюн автоматтарын пайдалануу мыйзамда белгиленген тартипте ачылган казинолордо гана болот деп белгиленсин. Оюн автоматтарын соода борборлоруна, компьютердик клубдарга жана башка жайларга орнотууга тыюу салынат.

Ички иштер министрлигине берилген тапшырма:

Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз кумар оюндарын, анын ичинде оюн автоматтарын пайдалануу менен уюштурууну, өткөрүүнү токтотуу жана болтурбоо боюнча иштерди күчөтсүн;

Көмүскө кумар оюндарын өткөрүү үчүн жашыруун жайларды иштетүүгө жол бербөө жана бөгөт коюу. Мындай оюндарды уюштуруучулардын мыйзамсыз ишин токтотуу үчүн катуу көзөмөлдөнсүн;

Мыйзамсыз оюн автомат залдарынын ишин, казинону кошпогондо, компьютердик клубдарда, соода борборлорунда жана башка жайларда оюн автоматтарын орнотууну токтотуу жана болтурбоо боюнча чараларды көрсүн;

Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу жана өткөрүү фактылары аныкталганда оюндарга таандык буюмдар, анын ичинде оюн автоматтары, оюнда ставка жана байге болуп саналган баалуулуктар, ага катышуунун натыйжасында алынган башка кирешелер белгиленген тартипте алынууга жана мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш деп белгиленсин.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, ИИМ, Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырма:

Республиканын аймагында тыюу салынган кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү, аларга окуучуларды, өспүрүмдөрдү жана жашы жете электерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштин алдын алуу боюнча туруктуу иштерди жүргүзсүн;

Кумар оюндарынын зыяндуулугу жөнүндө социалдык роликтерди тартсын жана жайылтсын.

Ички иштер министрлиги кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте эки айлык мөөнөттө министрлер кабинетине төмөнкүлөрдү киргизсин:

Жашыруун кумар оюндарын өткөргөндүгү жана аларга жашы жете электерди тарткандыгы үчүн мыйзамсыз иштердин уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын, көмүскө кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө жайларды берген жактардын жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун;

Ушул жарлыктан улам келип чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости