www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз партиянын Бишкек шаарында өткөн жыйынында сүйлөп жатып, саясатчы Өмүрбек Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек экенин айтты. Депутат бийлик соттун акыйкат өтүшүнө шарт түзбөсө, коомдук сот уюштуруу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

"Ошол сот дагы бийлик тарабынан кандайдыр бир курал катары пайдаланылып жатат. Дегеле, партиянын багытына кандайдыр бир деңгээлде таасир берүүчү механизм катары колдоном деген ою болсо, анда биз коомдук сот чакырабыз", - деди Садык Шер-Нияз.

Депутат коомдук сотко мурдагы президент, өкмөт башчылар, парламент жетекчилери, сот, прокурорлорду чакырып, партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин териштирүүгө барышарын айтты.

“Ата Мекен” партиясынын шаардык конференциясында съезддерге делегаттарды, шаардык уюмдун төрагасын, шаардык уюмдун саясий кеңешинин мүчөлөрүн кайра шайлоо өттү. Партиянын республикалык съезди 20-мартка белгиленди.

Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келишет.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Иш райондук сотто кайра каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости