www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коркунучтуу вируска каршы бардык өлкөлөр тез арада мобилизация болбосо, коронавирустун жайылышын токтотууга чама-чаркы жетпей каларын эскертти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

“Биз вирусту кармап турууга мүмкүн болгон фазадабыз. Бирок, күн санап бул мүмкүнчүлүк азайып баратат”, – деди Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус.

Белгилей кетсек, Кытайда жайылган коронавирустан учурда каза болгондордун саны 2345ке жетсе, ооруну жуктургандардын саны 76миңден ашты. Ошол эле учурда  20 миң 659 адам ооруканадан дарыланып, айыгып  чыккан.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости