www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким эле өз атасын жаман десин, туурабы? Андыктан Сейит Атамбаевдин «Атам коррупцияга аралашкан эмес, ал таза иштеген» деген сыяктуу постторду социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазып жатканын да түшүнсө болот. 

Ал өз атасын коргоп жатат. Бардык бала ушинтип өз атасын коргойт. Бирок, эл көрүп турган чындык таптакыр башка болуп жатпайбы? Муну кандай кылабыз?

А. Атамбаев президенттик доорунда «Мен 1990-жылдардын башында эле доллар менен миллионер болчумун. Акаев «вольво» менен жүргөндө, мен «мерседес» минип жүргөм» деп өтө көп жолу айтканы да эсибизде. Ал мындай сөздөрү менен «Мен башынан эле бай болчумун, президент боло калганда эле байып кетти деп ойлобогула» дегенди кыйыткысы келген. Бирок, ал ошол убакта «Мерседес» менен жүрө тургандай финансылык абалды кантип түздү эле деген суроо бар эмеспи. Мунун жообун туңгуч ажо Аскар Акаев жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде так айтып берген. Анын айтымында А. Атамбаев 1990-жылдардын башында КР Жазуучулар союзунда иштеп, ал кездеги төрага, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ишенимине тереңдеп кирүү менен жазуучуларга деп мамлекеттен бөлүнгөн 50 миллион рублди (ал кезде рублдин күчү доллар менен барабар болгон) менчиктеп алган экен. Анан ал акчага завод-фабрикаларды сатып алган. Анан ошол завод-фабрикалардын темирлерин чыгарып Кытайга саткан. Жазуучулар союзуна тиешелүү болуп келген Арашандагы эс алуу жайын имараты менен, ресторанын да менчиктеген. Мына ушундай жол менен ал «мерседес» мине турган абалды өзүнө түзгөн.

Ал эми 2011-жылы мамлекет башына келгенден кийин анын байлыгы түшүнө да кирбегендей болуп көбөйгөн. Буга анын Кой-Таштагы заңгыраган хансарайын эле мисал кылсак жарашат. Мындай хансарай азырынча башка бир дагы кыргызстандыкта жок. Андай хансарайда жашаш үчүн, аны камсыздоо үчүн эле өтө чоң каражат керек. Демек, АША мурдагы миллиондогон сомдору долларга айланып, анан ал миллиарддар менен эсептелип калганда гана ушундай хансарайды курууга белсенген болушу керек. Болбосо, ал мамлекет башында турган адам катары эч кандай бизнес менен алектенген жок. Анан кайдан ал мынчалык чоң суммадагы каражатты табышы мүмкүн эле? Демек, Дача СУга кулаган учактагы жүк АШАнын үй-бүлөсүнө таандык болгон деген маалымат кашкайган чындык экенин түшүнсөк болот. Ал учак кулаганга чейин ошондой рейстен 52 жолу жасалганы да белгилүү болгон. Ошондо Атамбаев өзү мамлекет башында туруп контрабанданы калкалаган деп айта берсек болот.

Мындан тышкары АШАнын убагында Кытайдан өтө чоң суммадагы кредиттер алынды. Анан ал кредиттердин тең жарымы эле өзүнүн чөнтөгүнө кирип кеткени да билинип отурат. Бишкек ТЭЦи, Чолпон-Атадагы ипподром, Тарых музейи, түндүк-түштүк альтернативалык жолу, «Датка-Кемин» сыяктуу долбоорлордун баарында ири коррупция жатканы ачыкталды. Мына ушулардын баары Атамбаевдин ашынган байлыктары кайдан келгенин айтып турат. Анан кантип аны таза иштеген деп айта алабыз? Эгерде 2010-жылга чейинки эле байлыгы менен президенттик мөөнөтүн аяктаган болсо да башка кеп болот эле, деп Беспредел KG-КР Фесбукка жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости