www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаарында абактагы Садыр Жапаровду коргоо иретинде “Садыр Жапаровду коргоо элдик кыймылы" тарабынан тегерек стол болуп өттү.
Чогулуштун негизги максаты Садыр Жапаровдун боштондукка чыгуусун талап кылуу болду.
Юрист Чыңгыз Капаровдун айтымында, “Бардык иштерди мыйзам чегинде жүргүзүп келебиз. Андыктан, залакасы тийбейт. Негизги максатыбыз Садыр Жапаровдун боштондукка чыгуусун талап кылабыз”,-деди ал.
Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылдын март айында камакка алынган. 2018-жылдын июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилип, 2019- жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1 жарым жылга кыскарткан.
Булак: NazarNews.kg