www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бурятиянын тургундары “МТК-Женкей” аттуу кытайлык компаниясына каршы токойду 49 жылга ижарага берүүгө каршы  митингге чыгышкан. Алар бүгүн эрте менен, 14-февралда каршылык акциясын өткөрүшүп, “биздин токойго тийбегиле”, “Мекен үчүн, Байкал үчүн”, “Токойлорду варварларча кыюуну токтоткула” деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Митингчилер үнү кытайларга түз жетиши үчүн кытай тилинде да плакат жазышкан. 

После митинга власти Бурятии отказались сдавать китайцам участок тайги на 49 лет

Маалыматка караганда митингге бийлик тарабынан уруксат берилген эмес. Митингчилерди таратууга чыккан ИИМдин башчысынын сөзүнөн кийин да алар тарашпагандыгы үчүн сегизи кармалган.

После митинга власти Бурятии отказались сдавать китайцам участок тайги на 49 лет

Кармалгандарды автобуска отургузуп, алып кетип жатканда акциянын катышуучуларынын бири автобусту токтотуу максатында дөңгөлөктүн астына жата калган.

Кийинчерээк маалым болгондой Закаменск районунун бийлиги “МТК-Женкейдин” долбоорунан баш тартышып, токой 49 жылга инвесторго ижарага берилбей тургандыгы жөнүндө чечим чыгарган.
Анын ордуна Закамен районуна караштуу токойду коргоо боюнча кеңеш түзүлөт деген бүтүмгө келишкен. Анын жыйынтыгында токойчулук менен бирге жергиликтүү элдин керегине жарай турган социалдык мекемелер, кичи жана орто ишкерлер үчүн жерлерди ижарага берүү каралган.

Буга чейин “МТК-Женкей” ишканасынын директору Ли Шубо аталган райондо каршылык болсо, башка районго курууга уруксат берүүнү сураган.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын февралында кытайлык “Цзинье” компаниясы 2017-жылы декабрда бир гектарын 137 миң рублге Томск токойлорун ижарага алгандыгы белгилүү болгон. Сайттын кабарына таянсак, алар бир гектар жер үчүн айына 16 рубль төлөшкөн.

Жогорудагыларды окуп, бул кытай дегениң кумурскага окшоп, жердин баарын ээлеп алмай болду деген ой келет экен. Эске сала кетсек, эртең 2020-жылдын 17-февралында Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушу боюнча митинг өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости