www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров бул тууралуу бүгүн, 10-январда добуш берүү үчүн келген учурда өзүнө карата айтылып жаткан сын-пикирлер тууралуу жооп берди:

«Мага башка эч нерсе таба албай, ойлоп тапкан фантазиялары ушул болуп жатат. Мени «жер саткан», «жеп-ичип койду» деген сыяктуу айыптоолорду тага албай, анан «Кытайдын шпиону», «Кытайдын жаранынын досу» деген сыяктуу чындыкка дал келбеген макамдарды байлап жатышат.

Бирок, эл мындай калптарга ишенбейт, азыр колуңардагы смартфон аркылуу бардык маалыматтарды таап алса болот.

Мурункудай КТРК же башка мамлекеттик телеканалдар аркылуу бир адамды жаманатты кылуу мүмкүн эмес», - деди ал.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Бишкектеги №1053 шайлоо участогунан добуш берди.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровду 6-октябрга караган түндө тарапкерлери абактан бошотуп алышкан. 16-октябрь күнү өкмөт башчы болуп дайындалып, 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости