www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз радиосу Чокоев менен Примбердиевдин ырларын чыгарбайт

“Кыргыз” радиосу Курал Чокоевдин ырларын уктурууну мындан ары токтотту. Бул тууралуу маалымат аталган радионун социалдык баракчасына жарыяланды.

“Жаштарга тескери тарбия берүүчү ыплас, маданиятсыз программасы үчүн Курал Чокоевдин, жана ал жака катышкан ырчы Кайрат Примбердиевдин ырларын Кыргыз радиосу мындан ары уктурбайт жана аларды эфирге чакырбайт!!!”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, “Марал” радиосу да Курал Чокоевдин интернетте талкууга алынган долбоорун маданий, тарбиялык жана этикалык баалуулуктарга каршы келет деп эсептеп, ага бойкот жарыялады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости