www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров:

Бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү күнү. Президенттик такты үчүн 17 талапкер ат салышып жатса, референдумга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушу коюлган.

Президенттик такты үчүн ат салышып жаткан Садыр Жапаров шайлоо тилкелеринин бирине келип, добуш берүү учурунда маалымат каражат өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Анда ага Мелис Аспеков боюнча суроо узатылды.

--"Ушундай окуя болгондугу тууралуу мен кечээ уктум. Мейли ким болбосун менин таанышымбы, өкүлүмбү же бир тууганымбы ушундай кылмыш ишине барган болсо, баары жооп бериши керек. Анткени биз мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз", - деди Жапаров.

Ал мындан сырткары Аспаековдун анын шайллоо штабына тиешеси жоктугун кошумчалады.

Кечээ, 9-январда УКМК жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 250 миң доллар талап кылган деген жүйөө менен кармаганы маалымамдалган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости