www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кызматтардагы азыркы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатат жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштурулат. Бул тууралуу 29-октябрда өкмөттүк жыйында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров соңку дайындоолордо мүчүлүштүктөр бар экенин мойнуна алып, мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамиле калыптандыруу муктаждыгы жаралып жатканын, бул багытта мекеме аралык комиссия түзүлөрүн айтты.

Ар бир тармак боюнча жумуш топтору да түзүлүп, алардын курамына “экономиканы, технологияларды мыкты билген эксперттер, адистер жана коррупцияга аралашпаган таза жаштар” тартыларын билдирди.

Жапаровдун айтымында, комиссия жана жумуш топтору мамлекеттик органдарды реформалоо, министрликтердин, тармактардын түзүмдөрүн оптималдаштыруу, милдеттерди туура бөлүштүрүү жана кызматкерлердин штаттык саны боюнча маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле бири-бирин кайталаган штаттык адистиктер кыскартыларын белгилеген Жапаров азыркы дайындоолор саясий макулдашуулардын негизинде жүрүп жатканына токтолду:

“Күнүгө мага көптөгөн кишилер кирип жатат. Баары “Мен кыйынмын, иштегенге даярмын” деп турушат. Колдон келишинче бардык саясий күчтөрдү тартып, саясий куугунтукка албай, “кечээ катуу сөз айттың” же “бүгүн мындай дедиң” дебестен, бардык жаштарды жумушка тартканга аракет кылдык. Анча-мынча кадрдык мүчүлүштүктөр кетип калууда. Аны баарыңар түшүнүп турасыздар. Ар кандай саясий күчтөр суранат экен. “Биздин кишиге, фракцияга же топко бер” дешет экен. Бул убактылуу гана көрүнүш. Кудай буюрса, реформалар жүрсө баарын кайра конкурстук негизде алып, 2,5-3 айдан кийин болобу, баары тазаланат деп толук ишендирип кете алам”.

Белгилей кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келди. Учурда маанилүү тармактардын дээрлик бардык жетекчилери алмашып жатат.

Эскерте кетсек, Жапаров жетектеген өкмөттүн курамы парламентте 28-октябрда ант берип, бүгүн алгачкы кеңейтилген жыйынын өткөрүүдө. Жыйында экономикадагы абал, коррупцияга каршы күрөш маселелери талкууланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости