www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды.

Өз баяндамасында Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыялбек Мукашев белгилегендей, 2020-жылга карата бюджеттин параметрине түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негизги фактор катары бюджеттин киреше бөлүгүнүн өзгөрүшү жана 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы жаңы социалдык маанилүү милдеттенмелердин кабыл алынышы саналат.

2020-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 137 131,4 млн сом суммасында күтүлүүдө, бул 2020-жылга карата биринчи ирет такталган бюджеттин кирешесине салыштырмалуу 1 784,6 млн сомго жогору (2020-жылдын 8-июнундагы №60 КР Мыйзамы менен бекитилген). 

Республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 9 733,7 млн сомго жогорулоо менен 172 772,8 млн сом суммасында күтүлүүдө. 

Бюджеттин тартыштыгы 7 949,1 млн сомго жогорулоо менен 35 641,4 млн сом суммасында күтүлүүдө. 

Кыялбек Мукашев белгилегендей, бажы жана салык чогултуулары боюнча ири жоготууларга карабастан, учурда бюджетти аткаруу боюнча ички булактарды издөө жүрүүдө. Ошондой эле ал социалдык милдеттенмелер боюнча чыгымдар, анын ичинде пенсия, жөлөкпул жана айлык акылар кармоосуз төлөнүп берилип жаткандыгын белгиледи.

Вице-премьер-министр Артем Новиков фискалдык органдарды ички резервдерди кунт коюп иликтеп чыгуу менен бюджетти толтуруу боюнча чараларды сунуштоого чакырды. «Социалдык милдеттенмелер ички булактар эсебинен жабылышы керек, ал эми тыштан келип түшүүлөрдү экономиканы өнүктүрүүгө багыттоо зарыл», - деп кошумчалады ал. 

Президенттин милдетин аткруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров салык инспекторлордун ишкерлер менен байланышын четтетүү иретинде фискалдык тутум ишин автоматташтыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Ошондой эле ал күз-кыш жылытуу мезгилине толук кандуу даярдык көрүүнүн жана пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча социалдык милдеттенмелерди аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Садыр Жапаров тийиштүү жетекчилерге, министрлерге, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана акимдерге күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча графиктен артта калбоого жол бербөө боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өлкнүн бардык аймактарындагы көмүрдүн наркы, запастары жана сатуу пугкттарынын дареги тууралуу маалыматты жума сайын жарыялап туруу тапшырылды. 

«Электр жана газ менен камсыздоо иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү кажет», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, ал коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Саламаттык сактоо министрлиги, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өзгөчө көңүлдү коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүүгө буруп, абалдын ар кандай өнүгүшүнө даяр турушу керектиги эскертилди, ооруканалардын жана күндүзгү стационарлардын иши көзөмөлгө алынып, медикаменттердин, жеке коргонуу каражаттарынын запасы текшерилиши кажет.

Фармацевтикалык компаниялар тарабынан алынып келинген дары-дармек каражаттарынын мөөнөтү, көлөмү жана аталыштары боюнча толук кандуу маалымат болушу зарыл. Антимонополдук кызмат бардык региондордо медициналык каражаттарга карата бирдиктүү бааны орнотуу боюнча күчтөндүрүлгөн иш алып баруусу тийиштиги белгиленди. Вице-премьер-министрлер көзөмөлдөгөн багыттары боюнча ишти контролго алуусу зарыл.

«Алдыда улуттук иммунитетти чыңдоо боюнча иш жүргүзүлөт», - деп жыйынтыктады Президенттин м.а., Премьер-министр Садыр Жапаров.

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кеңешменин катышуучулары тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору толуктап иштелип чыкккан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз тартиптеги кароосуна жөнөтүлмөкчү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости