www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров дагы бир Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлык айыл айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн шыктандыруу максатында иштелип чыккан.

Жарлыкта 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталып, ошол эле учурда бул салыктын жоюлушуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготуулары да толтурулат.

Ошентип, айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында токтом кылынат:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан баштап 2024-жылды кошуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости