www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул каарманымдын ырдоо стили, мукамдуу обондору өзгөчө. Сөзү Атантай Акбаровдун калемине таандык, “Сүйүүгө таазим” деген ырды укканымда, жүрөктүн кылдарын дирилдеткен ушул ырдын обонун ким жаратты экен деп калгам. Качан гана ырдын обонун Кадыралы ага жазганын билгенимде, дилимде профессионал музыкантка болгон өзгөчө сый калган эле. Бүгүнкү күндө Билим берүүнүн отличниги, И. Арабаев атындагы КМУнун музыка кафедрасынын доценти Кадыралы аганы жакындан көрүп маек алганым мен үчүн чоң сыймык болду.

- Музыка-жападан жалгыз дүйнө тили, ага сүйлөөнүн кажети жок, жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетип турат”- деп Авербах Бартольд айткан экен...

- Ооба, музыка улут тандабайт. Анткени, музыканы кулак менен угуп, журөк менен сезүү аркылуу кабыл аласың. Ошондуктан музыканы түшүнүүдө тилмечтин кереги жок. Бул жерде музыкалык табит көп ролду ойнойт. Татаал музыканы түшүнүү үчүн атайын даярдык керек. Массалык музыканы бардык эле адамдар угуп кабыл ала алышат.

- Кесиптештериңиз көбүн эсе алгач обон жаратып ошого карата текст издешет экен ал эми сизге эргүү кандайча келет?

- Обон музыкадан жана тексттен турат. Демек обондун эки автору болот. Ошондуктан ырчылар ырдаган ырынын эки авторун тең айтып, айттырып ырдашы шарт. Тилекке каршы, азыркы ырчылар бул эрежени сактабай келе жатышат. Ал гана эмес радио, телевидение, газета-журналдар, үн жазган клип тарткан студиялардын дээрлик көпчүлүгү авторлорго өгөй мамиле кылышууда. Бул биздин маданиятыбыздын деңгээли төмөн түшүп кеткен дегендикти, автордук укукту (мыйзамды) сыйлабай тебелеп, тепсегендикти көрсөтүп турат деп түшүнсөк болот.

Мен бирде атайын сөзгө обон жазсам, бирде обон жазып алып ага сөз издейм.  Мисалы: «Кыялдануу» деген обонум Алмаш Чойбекованын «Кыялдануу» деген ырын окугандан кийин жаралса, «Барам сага» деген обонумду сөзү жок жазып алып көпкө сөз таппай жүрүп анан дагы эле Алмаш эженин «Барам сага» деген ырын таап ырдап чыккам.

- Атагым чыкканын каалайм, бирок ал баламдын бешигине, анан атамдын көрүнө жарык берип турса болду. Азыр бат эле атактуулукка жеткендерге кандай карайсыз?

- Ар бир адам атактуу болгусу келет. «Атың чыкпаса жер өрттө» - деген кеп да ошондон калган. Эми, азыр заман ошондой болуп калды окшойт. Саясаттабы, коомдук иштердеби же маданияттабы азыркы жаштар кичине бир иш жасап коюп эле, ошонусун пиар кылышып атактуу болгонго аракет кылып атышат.

Бирок, булардыкын туура эмес дейин десеӊ, капитализм же рынок экономикасы рекламасыз өнүкпөйт, ошондой талап экен да. Бул жагын эсепке алганда туура кылышат десе да болот. Бардыгы замандын талабына, ошол атактуу болом дегендердин көз караштарына жараша болот турбайбы.

Ал эми чыныгы атак-даңк бул сый-урмат, кадыр барк, кетпес дөөлөт. Атак-даңктын да оң, терс жактары болот. «Даңкка жараша жүк» - көтөрүүгө туура келет.

- Жакшы ыргак аксаңдаган ойлорго дайым эле балдак болуп бере албайт...

- Ооба, жакшы ыргак же кайрык өзүнө жараша жакшы сөзгө дал келбесе, ал чыгарма баары бир өз угарманына жетпейт. Бул сөз азыркы жаш обончуларга ылайыктуу экен. Азыркы обондордун обонуна назар салсаӊ көп деле жаман эмес, бирок сөздөрүнө көңүл коюп уга турган болсоң төбө чачың тик турат. Айласыздан күлөсүң. Чындап эле обон балдакчан кетип бара жаткандай туюлат. Демек алыска жетпейт, тез эле чарчап калат.

- Ырды кара сөзгө оодарсаң, айдын жарыгындагы каракчы кейиптенип калабы же...

- Адабиятта ырды кара сөзгө оодарсаӊ, ырдан да мыкты деӊгээлге көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мисалга алсак, Ашым Жакыпбековдун «Теӊири Манас» чыгармасын атасак болот. Ал эми музыкада кара сөздү музыкага жалгаштыруу мүмкүн эмес деп ойлойм. Поэзия жана музыка – адамдардын жан дүйнөсүн жаркытып, агартып – тазартуучу каражат!

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости