www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобунун идеяларын жайылтуучу жана тажик согушкери Парвиз Саидрахмонов (Абу Довуд) качкындар лагеринде жүрөт. Ал бир жыл мурда Түркиянын көзөмөлүндөгү Сириянын Африн түрмөсүндө "жоголгон".

"Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, Абу Довуд Сириянын Жараблус шаарындагы качкындар лагеринде жүрөт. Түркиянын көзөмөлүндөгү бул лагерде анын аялы жана төрт баласы да бар.

"Азыр Абу Довуддун шарттары түрмөдөгүдөн таптакыр башкача. Түрк бийлиги ага аялы жана балдары менен көрүшүүгө уруксат берген", — деди булак.

Абу Довуд деген ысым менен белгилүү Парвиз Саидрахмонов түрк аскерлери тарабынан 2018-жылы кармалган. Түркиянын TRT Haber телеканалы 2019-жылы Африн түрмөсүнөн тартылган репортажды көрсөткөн. Анда Абу Довуд сүйлөп, Тажикстанда туулуп-өскөнүн, аймакка Сирия режимине каршы согушка катышуу үчүн келгенин айткан. Кийинчерээк аны менен байланыштагы камактагылар Абу Довуд "жоголуп кеткенин" билдиришкен.

Довуд Тажикстандагы, Орусиядагы жана Швециядагы бир нече террордук чабуулдарга шектелүүдө. Тажикстандын Ички иштер министрлигиндеги булактардын маалыматына караганда, тажик бийлиги буга чейин аны экстрадициялоо өтүнүчү менен Түркияга бир нече жолку кайрылган.

"Түркия биздин өтүнүчүбүзгө эмнеге жооп бербей жатканы таң калтырууда. Абу Довуддун ондогон кылмыштары далилденген. Ал лагерден качып чыгып, экстремисттерге кошулуп кетет деген тобокелдик бар", — деди булак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости