www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин экс-башчысынын Райымбек Матраимовдун кармалышы шоу болуп саналат деген билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу ал “Ала-Тоо 24″ программасында айтып берди.

Анын айтымында, Кеңешбек Дүйшебаев 30-40 жылдан бери күч түзүмдөрүндө иштеп келген. «Анын генерал даражасы бар. Ушул убакыт аралыгында ал кармалган кылмышкерлер мамлекеттик бюджетке тыйын да кошконбу? Алардын кармалышы шоу жана спектакль болсо дагы алар мамлекетке жок дегенде кандайдыр бир пайда алып келиштиби? Алгач андан сураңыз деп кеңеш берет элем», – деди Садыр Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Коопсуздук кеңешинин мурунку башчысы 2010-жылы болгон окуялар үчүн жооптуу болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости