www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун деле мөөнөтү чектелүү, көпчүлүк эл ишеним артып, ага эки айлык утурумдуу өкмөт башчысына бекитти. Анысы да талаш болуп жактыргандар да, жактырбагандар да толтура. Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу жакында жазабыз. Ал эми азыр ал коррупцияга туруштук бере алабы? Эки ай мөөнөт коррупция менен түп тамырынан күрөшүү үчүн аздык кылат. Өкмөт башчысы эмес, мамлекет башчылары коррупция менен күрөшөм деп бийликке келип алып, өзү коррупция схемасынын башына барып калганын аңдабай калат. Анткени, ар ким өзүн ак сезет, коррупция менен күрөшүп жатам деп ойлогону менен өз жанына жакын коррупционерлер топтолуусуна жол берет. Ал эми атаандаш тараптагыларды ар кандай айып менен коррупционер катары соттолушуп, күрөш катуу деп өзүн элге алдыргысы келет.

Учурунда маркум Чыныбай Турсунбеков менен “сүзүшүп”, андан соң көп партияларды аралап жүргөн Мелис Аспековду коррупционер деп айта албайбыз. Бирок анын бүгүнкү өкмөттө чечүүчү укук алып баратканы элдин көз алдында. Чыныкенин шапалагы аздык кылганбы, Садыр Жапаров да бир шапалактап койсо.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости