www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19ду канткенде биротоло жеңебиз?

Коронавирус пандемиясын токтотуу үчүн дүйнө жүзүндөгү адамдардын ар бирине туура келе турган ар кандай вакциналар жасалып чыгышы керек. Мындай пикирин Россиянын Илимдер академиясынын президенти Александр Сергеев РИА Новости агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өнөкөт ооруларына, жаш курагына, организмдеги өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу адамдын баарына бир эле вакцина жарай бербейт.

"Мисалы, аллергиясы бар адамдарга вакцинанын көпчүлүк түрү кооптуу. Айрым өнөкөт же онкологиялык оорусу бар адамдарга жаңы жасалган вакцина туура келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир топту эске алып, көп түрлүү вакциналар жасалышы керек. Ошондо гана пандемияны толук жеңе алабыз", — деди Сергеев.

Эске салсак, ушул жылдын 11-мартында дүйдө жүзүндө коронавирус пандемиясы жарыяланган. Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны бүгүн 37 745 942ге жетти. Ал эми Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңге чукулдап калды. Акыркы күндөрү биздин өлкөдө дагы коронавирустан кайрадан өлүм каттала баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости