www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол унаа жолунда унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда кечээ, 12-октябрь күнү саат 21:58 чамасында Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол унаа жолунун 15-чакырымында (Оттук айылына жакын) “Мицубиси Спейс Стар” жана “Порше Кайен” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жеңил жаракат алган.

Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн  куткаруучулары тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости