www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) өзүнүн 20 жылдык ишмердүүлүгүндө конкреттүү натыйжа жана салмактуу ийгиликтерге жетишти, деп белгиледи Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын отурумунда.

Садыр Жапаров белгилегендей, башка мамлекеттердин ШКУга кошулууга умтулуусу уюм ишмердүүлүгү эл аралык аренада кеңири кызыгуу туудурганын айгинелейт. Алсак, ШКУнун саммитинде Иран Ислам Республикасын жаңы мүчө катары кабыл алуу, ошондой эле Сауд Аравия Королдугуна, Египет Араб Республикасына жана Катар мамлекетине ШКУ диалогу боюнча өнөктөш макамын берүү процедурасын баштоого старт берилди.

Президент биргелешкен аракеттердин аркасында ШКУнун мейкиндигинде коопсуздук жана стабилдүүлүктү колдоо боюнча чоң иш жүрүп жатканын белгиледи. Ал региондо коопсуздук алкагын калыптандырууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Садыр Жапаров Афганистандагы акыркы кырдаалды эске алуу менен эл аралык экстремизм жана терроризм күчтөрүнүн коркунуч жана чакырыктарына каршы күрөшүү маселелери өзгөчө мааниге ээ болгонун айтты.

Президент ШКУнун өлкөлөрүнө кол салууга жол бербөө жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу үчүн өз ара аракеттенүүнүн стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады.

Аны менен бирге ал Кыргызстан эң эле көп жабыркаган афган калкынын да, регион жана эл аралык коомчулуктун кызыкчылыгында да Афганистанда аскердик конфликттин токтошун жана тынчтык, бейпилдик жана стабилдүүлүктүн орношун жактарын белгиледи. Президент Кыргызстан Афганистандын элине гуманитардык жардам жөнөтүүгө даярдыгын билдирди.

Андан соң Садыр Жапаров санариптештирүүнүн глобалдашуу тенденциясынын, маалыматык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсү фонунда акыркы жылдары ШКУнун мейкиндигинде кибертерроризмдин тобокелдик жана коркунучтары күчөгөнүнө катышуучулардын көңүлүн бурду.

Президент киберкоопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташууну жылдыруу максатында, ШКУга мүчө мамлекеттердин тармактык министрлик жана ведомство жетекчилеринин кеңешмеси түрүндөгү атайын механизмди негиздөөнү сунуштады.

Ал ошондой эле кыргыз тараптын Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду Бишкек шаарында негиздөө демилгесин эске алуу менен, ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна карата чакырык жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу жөнүндө ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын өз убагындагы чечимин кубаттады.

Мындан сырткары Садыр Жапаров ШКУнун өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү боюнча консультацияларды улантууну сунуштап, бул институтту эсеп-кысапты улуттук валютада жүргүзүүгө өтүү боюнча механизми катары карап, натыйжалуу финансы механизмдерин киргизүү жардамында экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Аны менен бирге ал транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү соода мамилелерин активдештирүүгө жана көптөгон социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

«Пандемия шартында, ошондой эле кабыл алынган карантиндик чаралардын натыйжасында автожүк ташуулар чектелүү болуп калды, андыктан эң ишенимдүү транспорттук жол — бул, темир жолу. Кыргызстан Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушунун долбоорун тез арада практикалык ишке ашуусун көздөйт. Ал региондун транзиттик потенциалын толук кандуу ачууга маанилүү жана конкреттүү кадам болуп жана деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берет», - деп билдирди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал өз сөзүндө азык-түлүк коопсуздугу жана ШКУнун билим берүү жаатындагы кызматташуу маселелерин көтөрүп, туризм, жаштар жана спортту кошуп маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости