www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмилбек Каптагаев:

Алтын кени эл үчүн иштейт деген үмүт чоң. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди. 

--"Кумтөр жарасынын оозу ачылып, өлкөбүздүн кызыкчылыктарын калыбына келтирүүгө карай жасалып жаткан далалаттарды жалпы эл колдоп жатат... аягы жакшы бүтөт, алтын кени эл үчүн иштейт деген үмүт чоң. Бул маселеге батыл киришип, чукул чечимдердин кабыл алынышы президент Садыр Жапаровдун эрдиги десек туура болот. Анткени бул маселеге батынып кол салууга жүрөк дагы, эрк дагы керек болчу.

Бир гана өтө маанилүү, көңүл бурулуучу жагдай бул иште - "ала койду бөлө кырккандай" болбой, Кумтөр аферасына тиешеси барлардын бардыгы жоопко тартылуусу зарыл... түзүлгөн кырдаалга же саясий кызыкчылыктарга карата эмес, жасаган ишине, кылган кылмышына жараша жаза болуп, маселеге биратоло чекит коюлганы туура болот", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости