www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана ЖККУнун Дүйшөмбүдөгү саммитинин алкагында Россия Федерациясынын, Иран менен Пакистандын тышкы иштер министрлери менен төрт тараптуу жолугушуу учурунда АКШ Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керектигин айтты.

Анын пикиринде, АКШ  Ооганстан өлкөсүнө экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүп, "милдеттенмелерин аткарышы" керек.
"Төрт өлкө (Кытай, Россия, Иран, Пакистан - ред.) бирдей көз караштагы башка мамлекеттер менен бирге АКШ сабак алууга, Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн жоопкерчиликти алууга, экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө тийиш", - деп белгиледи Ван И.

Кытайдын тышкы иштер министри Ооганстанда жаңы саясий структураны түзүү азырынча аягына чыга электигин, этникалык жана диний конфликттер татаал экенин баса белгилеп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости