www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы "Кохи Навруз" комплексине келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровду комплекстен Тажикстандын ажосу Эмомали Рахмон тосуп алды. Андан соң саммитке катыша турчу өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү. 

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с главной Таджикистана Эмомали Рахмоном в комплексе Кохи Навруз для участия в заседании Совета глав государств-членов Шанхайской организации сотрудничества (ШОС) в Душанбе. 17 сентября 2021 года

© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ

"Президенттер уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына кирип кетишти", — деп айтылат маалыматта.

ШКУ саммитине бирикмеге мүчө мамлекет башчылары катышат. Алар: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин (Афганистан, Беларусь, Иран жана Монголия) лидерлери да бар. 

Участники и гости саммита заседания Совета глав государств-членов Шанхайской организации сотрудничества (ШОС).

Мааракелүү саммитке ардактуу мейман катары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат.

Эске салсак, дагы алты өлкө уюмдун диалог боюнча өнөктөш макамына ээ (Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка).

Бүгүн биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусу дагы болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости